Биз менен байланышыңыз

Путин Медведевди жаңы кызматка дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 1328 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди президенттик кеңештеги илим жана билим берүү боюнча өзүнүн орун басары кызматына дайындады.

Кеңеште Путиндин жардамчысы Андрей Фурсенко жана коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Юрий Аверьянов да бар экени айтылган.

Мамлекет башчысынын жарлыгында аталган кеңеш илимий-техникалык чөйрөнү жана билим берүүнү өнүктүрүү, Орусиянын илимий өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, ошондой эле өкмөт тарабынан мамлекеттик маанидеги инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана президенттин жеке чечимин талап кылган программаларды ишке ашыруу максатында түзүлгөнү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM