Биз менен байланышыңыз

АКШнын визалык чектөөсүн кантип жоюуга болот?

Коом , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 709 | 0

АКШ Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизди. Серепчилер мындай өзгөрүүлөр эки өлкөнүн алакасына олуттуу таасир тийгизбей турганын айтышат. Бирок жарандарга тоскоолдук жаралгандыктан паспорт берүү маселеси тыкыр көзөмөлгө алынуусу керектигин белгилешет. Ыңгайсыздыктарды жоюу максатында Мамлекеттик каттоо кызматы быйыл биометрикалык жалпы жарандык паспорт берүүнүн үстүндө иш алып барат.


АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди.

Элчинин айтымында, Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизди.

— Вашингтон визалардын эки категориясын берүүнү убактылуу токтотту. Кыргыз өкмөтү менен бир кыйла убакыттан бери кыргыз паспортторунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүгө көз салып турат. Жана бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм. Биз бул маселелерди чечүү үчүн Кыргызстан менен биргеликте иш алып барабыз.

Мамлекеттик какттоо кызматы документтердин коопсуздук чараларын күчөтүү максатында быйыл биометрикалык жалпы жарандык паспорт берүү багытында иш алып барат. Кыргызстандыктар 2021-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт ала башташат. Документке чип жайгаштырылып, ал жарандын манжа издери, санарип сүрөтүн камтыйыт. Бул тууралуу аталаган мекеменин өкүлү Адилет Бейшеналиев маалымдады:

— Жаңы паспорт документтерди жасоого каршы күрөшүүгө, чек аралар аралык кылмыштуулукту аныктоого жана анын алдын алууга, коопсуздукту камсыздоого шарт түзөт. Документтин жаңы үлгүсүн киргизүү үчүн бери дегенде 9 ай убакыт керектелет.  Биометрикалык паспорттун киргизилүүсү тендер чырынан улам кечигип жатты. Соттук териштирүүлөргө байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы кандайдыр бир ишти улантууга мүмкүнчүлүк жок болуп келди. Соттун чечими чыкты, ал биздин колубузду бошотуп, активдүү иш-чара алып барууга шарт түздү.  

1-февралда Дональд Лу Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, визаларды алууга чектөө киргизүүгө байланыштуу расмий түшүндүрмө берген. Министрлик тараткан маалыматка караганда, АКШ элчилиги мейман визаларын, жана анын ичинде туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантат.

Визалык чектөөлөр өлкө экономикасына, америка-кыргыз алакасына эч кандай теср таасир тийгизбейт. Болгону айрым жарандарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Өкмөт тез арада бул кырдаалды жөнгө салышы зарыл. Болбосо жоопкерчилик тартышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди:

— Визалык чектөөлөр жалпы Кыргызстанга маанилүү таасир бере албайт. АКШнын «биз жетишкендей паспортторду жасасаңар, биз силерди киргизебиз» дегени бул — эч кандай кызматташуунун белгиси эмес. Кагазга ороп айтканда «силерде террористтик коркунуч бар» деп бизди сепаратисттерге теңөөсү өтө өкүнүчтүү нерсе. Бул жерде алар тараптан ката кетти деп ойлойм. Ал эми биз эч нерсе кыла албайбыз. Балким, биометрикалык паспортторду жасоонун оорчулугу бар. Бирок өзүбүздү демократиялык өлкө деп эсептесек, анда өкмөт ишти тездетиши керек. 

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун баамында, визалык чектөөлөр эки өлкөнүн соода, экономикалык, маданий, гуманитардык мамилелерине залакасын тийгизбегени менен Кыргызстандын мамлекеттер аралык аброюна терс таасир этет. Мындан улам, кыргыз өкмөтү көйгөйдү жөнгө салууга жан үрөшү зарыл.

— АКШ кара тизме түзүп, ага Африка мамлекеттери, Беларусь Республикасы жана Кыргызстан кирерин айткан. Беларусь өкмөтү 2-3 жуманын жолдорун таап, кара тизмеге кирбей калышкан. Мындай тизмеге КМШ өлкөлөрүнөн бир гана Кыргызстан кирди, бул жакшы көрүнүш эмес. Ошентсе да, КР Борбор Азияда демократиялык аралча бойдон калууда. Вашингтон 6 айдан соң абалды кайра карайт. Биз паспорттор боюнча көйгөйлөрдү чечсек, тизмеден чыгып кете алабыз. АКШ бизге жакшы мамиледе, жумшак эле айтып жатат. Эки өлкөнүн ортосунда сөзсүз келишим болушу керек. 

Вашингтон визалык чектөө кыргыз паспортунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу процедураларынын тезделишин шарттай турганын белгилейт.

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул Кыргызстан паспорт берүү процессин көзөмөлгө албаганы анык деп эсептейт. Ага террористтик уюмдарга кирип кеткен адамдага берилген документтер далил боло аларын белгилеп, визалык маселелерди жөнгө салууда Кыргызстан маани бериши керек болгон жагдайларды атап өттү:

— ТИМ, ИИМ жана УКМК активдүү иш алып баруусу кажет. Эки тараптуу диалог болбосо бул чектөөлөр алынбайт. Эми КР АКШнын элчиси айткан 3 пунктка көңүл бурушу зарыл. Менимче, АКШ менен ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу болушу мүмкүн эмес. Анткени ЖККУ менен НАТО бири-бирине терс көз карашта турушат. Ошондуктан негизги күчтү паспорт берүү процессин туура жолго салууга жумшоо зарыл. Коррупцияга каршы күрөштө документ берүүгө тиешелүү процесстердеги паракорчулук да четтетилсе, бизге да, башка мамлекеттерге да пайда болмок. 

Кошумчалай кетсек, визалык чектөөлөр буга чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визаларына таасирин тийгизбейт. Эгерде колуңузда виза болсо, анда Кошмо штаттарына жөнөсөңүз болот.

Copyright © 2017 Maral FM