Биз менен байланышыңыз

ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин отуруму Ташкентте өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 956 | 0

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу 1-2-ноябрда Ташкентте өтөт. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов билдирди.

Анын айтымында, 1-2-ноябрда Өзбекстандын борбор шаарында ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн премьер-министрлери жолугушат.  Норов иш-чарага уюмдун байкоочулары катары Ооганстан, Беларусь, Монголия жана Ирандын өкмөт башчылары чакырылгандыгын кошумчалады.


ШКУ саммитине даярдануу үчүн Бишкек мэриясы 73,6 млн сом коротту


Эске салсак, ШКУнун саммити үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөн. Кийинки отурум  2020-жылы Орусиянын Челябинск шаарында өтмөкчү.


Эл аралык басылмалар ШКУ саммити тууралуу эмне деди?

Copyright © 2017 Maral FM