Биз менен байланышыңыз

Боронов эмгек өргүүсүндөгү дарыгерлерди ишке чыгууга чакырды

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 875 | 0

Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Ар бирибизге эс алуу керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Мына ошого байланыштуу дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш, — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүсүндө.

Боронов дарыгерлердин өтүнүчтү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышарына ишене турганын айтып,  Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырды.

Ошондой эле ал республика боюнча иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир дарыгерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM