Биз менен байланышыңыз

Эл аралык басылмалар ШКУ саммити тууралуу эмне деди?

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 1605 | 0

Кыргызстанда быйылкы жылдын эң маанилүү иш-чарасы болгон ШКУ саммити тууралуу эл аралык басылмалар эмне дейт? Бул саммитти кайсы басылмалар кандай таризде чагылдырды?

Быйыл Кыргызстан төрагалык кылган ШКУнун өлкө башчыларынын саммити тууралуу жаңылыктар, макалалар эл  аралык басылмаларда бир жумадан бери байма-бай жарыяланууда.

Британиянын BBC басылмасынын кыргыз кызматы саммиттин масштабын  “Дүйнөнүн тең жарымын башкарган лидерлер Бишкекте” деген тема менен берди.

Ал эми орусиялык басылмаларга көз чаптыра турган болсок, Россия 24 каналы бул саамалыкты “Планетанын тең жарымы жашаган өлкөлөрдүн  саммити” деп атады.

Түркиялык басылма болсо бул боюнча “ШКУ лидерлери бир столдо” деп тема койду.

Ал эми “Евразия Эксперт басылмасы “Индия Борбор Азия тарапка ыктай баштады” деген макала жарыялады. Анда ШКУ саммитине келген Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди бул визитинин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерин дагы да чыңдап кетет деген пикир айтылат.

Мындан сырткары Казакстан менен Индиянын ортосундагы соода сатык 1 млрд долларга жеткенин белгилеп, Өзбекстан менен Кыргызстан да экономикалык алакадан сырткары аскердин техника жаатында Индия менен кызматташтыкка кызыктар деп жазылат. Ошондой эле Индиянын Кыргызстан менен мамилеси жаңы деңгээлге чыкканын, жакында эле Модинин инаугурациясына президент Жээнбековдун катышканы да чоң белги экенин кошумчалайт.

Гонконгдо жайгашкан “Соуз Чайна Монинг Пост” басылмасы да Бишкектеги ШКУ саммити жана Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында боло турчу регионалдык форумдун Кытай үчүн мааниси тууралуу кеп козгогон. Макала “АКШ менен араздашкан саясаттын фонунда: Кытай Орусия жана Борбор Азиядан колдоо күтөт” деп аталган. Анда Кытай лидери Си Цзиньпиндин июндагы “Санкт-Петербург-Бишкек-Дүйшөмбү” багытындагы турнеси АКШ менен “соода согушу” болуп жаткан учурга туш келгени жазылат. Мындан улам Кытай Орусия менен Борбор Азияга өзгөчө көңүл бурат деген пикирде.

Ошондой эле Кытай өзүнө экологиялык таза азыктарды так ушул Борбор Азия мамлекеттеринен импорттоого кызыкканын, бул боюнча да  ШКУ алкагында сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн деп жыйынтыкталат макала.

ШКУга дагы бир мүчө мамлекет Пакистандын басылмалары өз лидеринин ШКУ саммитине катышып жатканын активдүү чагылдырып, курал-жарак, коргонуу темасына көп көңүл бурушкан. Мисалы thenews.com.pk порталы Пакистандын премьер-министри Имран Хан Орусия менен аскердик курал-жарак боюнча келишим түзөт деген темага басым жасаган. Тагыраак айтканда бул тууралуу Имран Хан менен Орусиянын президенти Путиндин жолугушуусунда сөз болгонун басылмасы жазып чыкты.

Ал эми Индиялык ЖМКлар ШКУ саммиттиндеги Индия менен Пакистандын мамилесине басым жасашкан. Тактап айтканда indiatoday.in сайтындагы бир жаңылык  “Бишкектеги саммитте Моди менен Имран Хан сүйлөшүүгө барбайт” деген тема менен жарыяланды. Дагы бир кызыктуу тема  timesofindia.indiatimes.com сайтында чыгып, анда “пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан Бишкектеги саммитте дипломатиялык протоколду бузду деп жазылган. Анда ШКУ саммитине арналган концертте Пакистандын өкмөт башчысы аты атала электе кирип келгенин, жана бардык коноктор туруп турса, ал өзү жалгыз отуруп алганы баяндалат. Имран Хан ыңгайсыз абалда калган бул видео Твиттерде жарыяланып, 55 миң жолу көрүлгөн.

Дагы бир индиялык басылма премьер-министр Моди пакистандык коллегасы Имран Хандын катышуусунда өтүп жаткан саммитте терроризм тууралуу катуу сын айтканын жарыялаган.

Белгилей кетсек, Индия менен Пакистандын мамилеси быйыл февралдан бери кескин начарлап кеткен. Чек арадагы чырдан улам, Пакистан Индиянын учактарына өз аба мейкиндигинен учууга да тыюу салган болчу. Мындан улам Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модинин учагы Бишкекке келерде Пакистан аркылуу эмес, Иран тарап менен айланып учуп келгенин да индиянын басма сөз каражаттары жазган.

Бишкектеги Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити, «Синьцзян лагериндегиндей тынчтыктын орун алышы, Индия менен Пакистанды аңдыган көздөр». Мындай пикирин Япониянын эл аралык басылмасы ШКУ тууралуу чагылдырган макаласында билдирди. Японияда түзүлгөн thediplomat.com сайты Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммити боюнча маалымат берип, иш-чаранын жүрүшүнө жалпы байкоо жүргүздү.

Орусиянын бир топ басылмалары бүгүнкү ШКУ саммити боюнча байма-бай чагылдырып турду. Көбүнчө өзөктүк программалар жана коргонууну күчөтүү тууралуу жаңылыктарга басым жасалган. Ошондой эле, Индия менен Пакистандын бир ымалага келбегени тууралуу макалалар орун алган.

Ал эми Германиянын german.mofcom.gov.cn басылмасы макаласынын темасын «Кытай жана Шанхай кызматташтык уюму» деп атап, анда аталган Уюмдун тынчтык жана өнүгүү үчүн биригип жатканын жазды. Аны менен катар буга чейинки ШКУнун өткөн саммиттери тууралуу учкай маалымат берген. Коргонууну күчөтүүгө багытталган жаңылыктар да чагылдырылды.

Copyright © 2017 Maral FM