Биз менен байланышыңыз

Президент менен өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 2052 | 0

Бүгүн, 1-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. 

Өкмөт башчысы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, бүгүн кечке чейин бир катар окуу жайлардын жатаканаларынын базасында 750 койка-орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча койка-орун даяр болот.

Ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин жана ординатурада окугандарды мобилизациялоо аркылуу чечилип жатат.

Боронов калкка медициналык кеп-кеңеш берүү бөлүгүндө «118 түз байланыш» кызматынын ишмердиги күчөтүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле, пандемияга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттемелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында төлөнөрүнө ишендирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө эң биринчи кезектеги милдет вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу экенин белгиледи.

Ошондой эле эпидемияга каршы иш-чараларды жалпы республика боюнча күчтөндүрүү зарыл.

Коомчулук бардык маселелер боюнча толук жана так маалыматты Республикалык штабдан, адистерден алышы керек. Коомчулук менен кайтарым байланыш өтө маанилүү. Ошондо гана чыңалуу басаңдап, тынчсызданткан божомолдордун тарашын азайтууга болот, — деди президент.

Ал белгилегендей, өлкөнүн бардык жашоо-тиричилигин камтыган чөйрөлөр боюнча кыргызстандыктарды тынчсызданткан башка маселелер да көз жаздымда калбашы керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге жана мезгилдүү илдеттердин алдын алууга керектүү даярдыктарды көрүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM