Биз менен байланышыңыз

«Башкалар ШКУнун саммитин коопсуздук аянтчасы катары кароодо»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 643 | 0

Башка мамлекеттер ШКУнун саммитин коопсуздук аянты катары карап жатышат. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөлөр БУУ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын жыйынында айта албаган сөздөрүн ШКУнун саммитинде элге жеткире алат.

Президенттердин расмий же мамлекеттик визит уюштуруусу көп убакыт алат жана оор. Ал эми ШКУнун жыйынында тараптар даяр аянтчада пикир алмашууга шарт түзүлдү.

ШКУнун деңгээли көтөрүлүп жатат. Буга аталган уюмга байкоочу катары кирген мамлекеттердин санынын өсүшү далил болот.

«ШКУнун келечеги жакшы. Борбор Азия уюмду аянт катары колдонушу керек. Учурда дүйнөдө абал оор, ири мамлекеттер коопсуздук үчүн күрөшүүдө. Анткени, коопсузуздук аймакка бөлүнбөйт», — дейт Осмонбетов.

Эске салсак, 14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн.  Саммиттин жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясына жана мындан тышкары, 21 документке кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM