Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитин 500дөй журналист чагылдырып жатат [фото]

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 558 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келди.

Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын  115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналист келди. Ошондой эле, Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өтүштү.

ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» конок үйүндө жайгашкан. Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадио берүү корпорациясынын «Ала-Тоо-24» телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

Түз эфирге каттоодон өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулушат.

Бул күндөрү ШКУнун Саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш-чаралар да өтүүдө. 12-июнда Бишкек шаарына Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий визит менен келди. 13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити болду. 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM