Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы менен жолугушту

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 456 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, биздин өлкө кызматташтыктын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багыт алган, буга байланыштуу Дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташуу стратегиясынын долбоору иштелип чыккан. Бишкекте Дүйнөлүк бажы уюмунун аймактык окуу борборунун ачылышы жалпысынан Борбор Азия чөлкөмүндөгү бажы кызматынын ишин жогорулатуу боюнча күч-аракетти колдоого алуунун жана ага көңүл бурулуп жаткандыгынын далили катары саналат.

Белгиленгендей, аталган багытта Өкмөттүн максаттары Дүйнөлүк бажы уюмунун максаттарына дал келип, кызматташтыкты өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн жакшы негизди түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM