Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында жол ачыла элек

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 843 | 0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок жол толугу менен тосулган бойдон турат. Бул тууралуу Маралга Орто-Боз айылынын тургуну Абдыгапар Мамытов билдирди. Ош-Исфана автолунун Жака (жалгыз) Өрүк аймагынан тосулган жолдо жүздөгөн машыналар чогулган бойдон турат.

Кечээки окуяда Абдыгапар Мамытовдун сарайындагы отун, чөп өрттөнгөн.

Эске салсак, 13-мартта саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Ага Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтүүчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. Ворух айылынын жергиликтүү тургундары жерди сүрүп жол курулушунда иштеп жаткан грейдерди, анда иштеп жаткан мекендешибизди таш менен урушкан.

Эки өлкөнүн 200гө жакын тургуну чек арадан жолугуп, өз ара пикир келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жерине кыргыз-тажик чек арачылары барып, абалды жөнгө салышкан. Бирок 18:30да Кыргызстандын жарандары Ак-Сай айылындагы, тажик жарандары Төрт-Көчөдөгү жолду жаап алышкан.

Андан соң тажик тарап Ош-Исафана жолунун Орто-Боз айылынан өткөн жеринен тосуп салышкан.

Саат 20:30да кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп, тажик жарандары Ортобоз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салган. Бир жаран жаракат алып, Баткен районундагы Самаркандек айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген.

Учурда ал Баткен областтык бириккен ооруканасында операция жасалып, абалы туруктуу экенин жакын-туугандары айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM