Тажик-өзбек чек арасында жайгашкан аскердик бөлүкчөгө чабуул жасагандар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Тажикстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети маалымдады.
Алардын айтымында, кылмыштуу топ тажик тарапка Ооганстан аркылуу атайын тапшырык менен өтүшкөн. Туткундалган террористтер чек-арадагы №4 «Ишкобод» аскердик бөлүкчөсү чабуул үчүн ыңгайлуу аймак болгонун моюндашкан.
Согушкерлер 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Калаи-Зол округу тараптан Тажикстандын Кубодиен районуна өтүшкөнү аныкталган.
Буга чейин, Тажикстандын Ички иштер министри бет кап кийген, 20 адамдан турган куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул жасаганын, 15 согушкер жок кылынганын кабарлаган. Атышуу учурунда 1 чек-ара аскери жана 1 ИИМ кызматкери да каза болгон.