Биз менен байланышыңыз

Тажик-өзбек чек арасында ок атышуу катталып, 17 адам каза болду [сүрөт]

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 14857 | 1

Бет кап кийген, 20 адамдан турган куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул жасады. Бул тууралуу CA-NEWS порталы жазды.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь, түнкү саат 3:23 чамаларында куралчан топ чек-арадагы №4 «Ишкобод» аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган. Чабуул Тажикстандын Рудаки районунда, Дүйшөмбү шаарынан 60 км алыстыкта, Өзбекстан чек арасына жакын аймакта орун алган.

Күч кызматкерлери тарабынан куралчан топтун 15и өлтүрүлүп, бешөөсү кармалды.

Ок атышуу учурунда 1 чек-ара аскери жана 1 ИИМ кызматкери каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны 17.

Тажикстандын Ички иштер министри билдиргендей, кылмыш тобунун 4 унаасы жок кылынган.


Тажик-өзбек чер арасында «Ислам мамлекети» террордук уюмунун өкүлдөрү чабуул уюштурган


Учурда окуя болгон жерде оперативдүү-изилдөө тобу түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

*

 

1 пикир

1 пикир

  1. Ильяз Шакиров

    06.11.2019 18:24

    Ушул Ислам динин жаман көргөзгөн кишилерге Алла Таалам хидаят берсин. Болбогон акчаны деп канча күнөөсү жок адамдар каза болууда канча жаш балдар жетим болуп ата-энесиз калууда.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM