Биз менен байланышыңыз

Тажик-өзбек чер арасында «Ислам мамлекети» террордук уюмунун өкүлдөрү чабуул уюштурган

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 1420 | 0

Тажик-өзбек чек арасында жайгашкан аскердик бөлүкчөгө чабуул жасагандар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Тажикстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети маалымдады.

Алардын айтымында, кылмыштуу топ тажик тарапка Ооганстан аркылуу атайын тапшырык менен өтүшкөн. Туткундалган террористтер чек-арадагы №4 «Ишкобод» аскердик бөлүкчөсү чабуул үчүн ыңгайлуу аймак болгонун моюндашкан.

Согушкерлер 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Калаи-Зол округу тараптан Тажикстандын Кубодиен районуна өтүшкөнү аныкталган.


Тажик-өзбек чек арасында ок атышуу катталып, 17 адам каза болду [сүрөт]


Буга чейин, Тажикстандын Ички иштер министри бет кап кийген, 20 адамдан турган куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул жасаганын, 15 согушкер жок кылынганын кабарлаган. Атышуу учурунда 1 чек-ара аскери жана 1 ИИМ кызматкери да каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM