Биз менен байланышыңыз

Сузакта балдарды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу үй камагына чыкты

Кыска кабар | 5 мая 2024 | 215 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас айтуу» иш-чарасы учурунда окуучулардын сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу үй камагына чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.

Кечээ, 4-май күнү Жалал-Абад шаардык соту айдоочунун баш коргоо чарасы карап, аны үй камагына чыгарган.

2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Абалы оор экени айтылган он бала 3-майда атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алардын бири баш сөөгү сынган тогуз жаштагы кыздын башына 4-майда операция жасалды.

Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамына министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди.

Copyright © 2017 Maral FM