Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титиреди

Кыска кабар | 5 мая 2024 | 139 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында 5-май күнү саат 14:16да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Буга чейин, 2023-жылдын 11-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда Баткендин Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM