Биз менен байланышыңыз

Жаңы окуу жылында 75 этникалык кыргыз кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз окуй алат

Кыска кабар | 5 мая 2024 | 120 | 0

2024-2025-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Квота алуу үчүн сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары (этникалык кыргыздар) катыша болоору жазылган маалыматта. 

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2024-жылдын 21-июлу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 22-июлдан 25-июлга чейин өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM