Шашылыш кабар:

«Манас» аэропортуна түркиялык компания 50 млн доллар бөлөт

Сентябрь 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
«Манас» аэропортуна түркиялык компания 50 млн доллар бөлөт
Кыска кабар
0

“Манас” эл аралык аэропорту менен Түркиянын «Gata Havayolları ve Taşımacılık A.Ş» компаниясы менен 50 млн долларлык кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 2-сентябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келгенде бизнес-форум уюштурулуп, анда транспорт-авиациялык инфраструктура тармагында кызматташууга көңүл бурулган. Түркиялык компания менен “Манас” аба майданы меморандумга кол коюп, анын алкагында бир топ долбоорлор аныкталган.

Алар:

-«Манас» эл аралык аэропортунун аймагында транзиттик почта жана чабармандык терминалын түзүү;

— Аэропорттун инфраструктурасын жакшыртуу;

-“Эйр Кей Джи” компаниясын түзүп, учуу картасын кеңейтүү сыяктуу долбоорлор.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн түркиялык компания 50 млн доллар бөлөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache