Биз менен байланышыңыз

Жандуу музыканы жайылтып жаткан жаштар (видео)

Видео , Данакер | 5 Дек 2022 | 8695 | 0

Колдору музыкалык аспаптарга тийери менен көздөрү жанып, жан дили менен музыкага берилген  жаштардын тобу “Асман” деп аталат.  Кыргыз аспаптары  менен дүйнөлүк, белгилүү обондордү күүгө келтирген “Асман” тобунун курамы 13 адамдан турат.  Студенттерден куралаган музыкалык топту музыкага жакын үч дос негиздеген.

Алардын бири Бек Уркасымов дирижер.

«Шубин атындагы музыкалык мектеп бар. Ошол жака апам алып келген. Мен башында түшүнгөн деле эмесмин. Мени пианиного берди. Үч жыл 2 алып окугам. Үчүнчү класстан баштап жакшы окуп кеттим. Музыка жүрөгүмө жагып баштады».

Музыка дүйнөсүнө жаңычылык киргизүүнү каалган жаштар өздөрү өздөрүнө продюсер. Эч ким каржылабайт. Азырынча иш-чараларга барып, өнөр көрсөтүп, тапкан тыйындарын топтун өнүгүүсүнө жумшап жаткан учуру.

«Башында топто  8-9 киши бар болчу. Акча чогултуп добулбас алдык. Продюссер жок болуп аябай кыйналдык. “Игра престолов” филминин музыкасын ойногонубузда бизди колдогондор көп болду. Ошондон кийин оркестрди түздүк. Биз оркестрда баарыбыз доспуз, бирок кээ бир учурда урушабыз, кайра табышабыз. Биздин эң башкы максат – биздин маданиятты, искусствону башка өлкөлөргө таанытуу. Көп учурда Кыргызстан десе таанышпайт. Биз өлкөнү таанытып, ал жакта “Асман” деген оркестр бар деп таанышын каалайбыз. Комузду көптөр билбейт. Биз кыргыз аспаптарын дүйнөгө тааныткыбыз келет».

Оркестрди түптөөгө салым кошкон  кыл кыякчы Эрбол Жакшылыковдун айтымында, учурда аларга машыгуу үчүн атайын бөлмө жоктугу кыйынчылык жаратып келет.

“Үчөөбүз ансамбль түзүп жатканда ушундай жаңы күч пайда болгон, азыркыга чейин токтобой чоң максаттарды коюп, ишке ашырабыз деп өзүбүзгө  убада бергенбиз. Музыканттардын үй -бүлөсүндө чоңойдум. Жеңемдер да  аспаптарды чертишет. Музыканттардын үй — бүлөсүндө жашаш жеңил, дайыма музыка жаңырып турат. Ушул чөйрөнү тандаганыма такыр өкүнбөйм. Эргүүнү бизге угуп жаткан угармандын колдоосу тартуулайт. Кол чаап, коштоп турса кадимкидей сүйүнөбүз, карабай кеткенде маанай кадимкидей түшөт”.

Жети жашынан бери түрдүү сынактарга катышып келе жаткан Акмарал Эркинбек кызы  топтун  азырынча жалгыз ырчысы. Ал топко оркестрдин коштоосунда жандуу ырдаганга кызыгып кошулуп калган.

“Фонорграмма кээ бир жерлерде эле колдонулбаса, ырчы болгондон кийин жандуу гана ырдаш керек деп ойлойм. Бир чети эргүү. Себеби, бардыгы сени карайт, мени карап аспапта ойногондор түздөлөт. Жандуу ырдаганга эмне жетсин. Алдыда кыргыз ырларынан сырткары дүйнөлүк хиттерди ырдайлы деп жатабыз”.

 Музыканы угуп, көрүп жаткан жөнөкөй көрүүчүнүн көзүнө Толгонай Жумабекованын көлөмдүү аспабы урунат. Көлөмү жагынан оор келген аспапты чертүү Толгонайга оңойго турган эмес.

“Бул аспап “виолончель” деп аталат. Ар бир аспапты чертүүнүн кыйынчылгы жана өзгөчөлүгү болот. Бул аспапты чертип калышымдын себеби күлкүлүү, мен буга чейин комузда ойночумун, окуу жайга тапшырганы келгенде мугалимдер “колуң узун экен, виолончель ойно” деп айтышткан. Башында аспап чоң болгонуна байланыштуу колдорумду көндүрө албай кыйналгам”.

Оркестрдин дагы бир мүчөсү Нурдан Муратбеков  кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду дүйнө эли таанышына  себеп болсом деген тилеги бар.

«Мен комузда жана дагы  эки аспапты чертем. Заманбап классикалык чыгармаларды  ойногонубуздун себеби, биздин улуттук аспап менен дүйнө элинин чыгармаларын комуз менен чертсе болот экенин көрсөткүбүз келет. Комузду Кыргызстандын ичинде эле эмес, чет өлкөгө чыгырып, бул аспап ата — бабаларыбыздан калган мурас экенин тааныткыбыз келет. Комуз чертип атып күүгө кирип кетем, элестетип күүгө кирип кетем».

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM