Акын, журналист жана коомдук ишмер Кубат Оторбаев «Маралдын» «Биздин мезгил» программасында өзүнүн балалыгы, эмгек жолундагы кызыктар жөнүндө айтып берди.
— «Ааламга жол айылдан башталат» деп кыргызда бекеринен айтпайт. Ар бир ийгиликтүү адамдын артында жакшы көз ирмемдер менен коштолгон балалыгы болору талашсыз. Айыл бизден кетсе да, биз айылдан кетпейбиз. Мына ошол кыялдарга жетелеген балалыгыңыз кайсы жерде, кандай өттү эле?
— Ат-Башы районунун Казыбек деген айылында туулуп, балалыгым да ошол жерде өттү. Кичинекейимден жаратылышка жакын болуп, чокусунан ак кар, көк муз кетпеген тоонун этегинде чоңойдум. Менин чыгармачылыгыма, ошол табият, жайлоолор таасирин берди деп ойлойм.
— Баарыбыз балалыкты сагынып, туулган жерге барып, сагынычыбызды таркатып келгибиз келет. Сизде сагыныч кандай болот?
— Чындыгында катуу сагынам. Андай учурда сөзсүз айылга тез-тез барып турганга аракет кылам. Ал жерде өтүп кеткен кездер көз алдыңа келет. Барганда айылдагы тааныштар, тууган-урук, достор менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей күч-кубат алып келесиң.
— Бала кезде чоңойгондо ким болорубузду сөзсүз кыялданат экенбиз. Сиз кимге окшошуп, эмнени көп кыялданчусуз?
— Эс кирип бул дүйнөгө эмне үчүн келгенибизди сезгенден кийин алдыга койгон максаттар пайда боло баштайт. Бул дүйнөгө убактылуу жаратылганыбызды билгенде катуу стресс болгом. Кичинемден китепти көп окуйт элем. Ошол убакта Алыкул Осмоновдун тагдыры өтө таасир берген. Ал өзү 35 жашка эле чыгып көз жумганына карабай, артында чоң из калтырып кеткен. Кичинемде журналист болгондон сырткары чоң акын-жазуучу болсом деген кыялым бар болчу. Азыр да ал нерсе жүрөгүмдө жашап келет. Андан тышкары журналистика өзүнө көп тартты. Анткени атам менен апам айылда мугалим болуп, аябай көп гезит-журналга жазылат болчу. Ошолорду окуп, теледен Жолдубай Кайыповду көп көрчүбүз. Анын каза болгону да чоң таасир калтырыптыр.
— Кубат Оторбаев кичинесинде тентек болгонбу?
— Ата-энемдин мектепте иштегени таасир бергенби, алдыңкы окуучулардын катарында элем. Бирок баары бир тентектик кылган учурлар көп болду. 10-классымда физика сабагынан берген Динара деген эжейдин кыжырына тийип, ал чоң бор менен желкеме урган. Ошол нерсе көпкө чейин классташтарымдын, өзүмдүн эсимде калды.
— «Илгери элдер адам баркын сезишчү,
Ийри олтуруп, түз мамиле чечишчү.
Азыр үйлөр чоң болушту заңгырап,
А дүйнөбүз кичирейип кетишти» деген акындардын ыр сабы бар. Айылга барганда мурдагы кездеги айыл менен азыркы айылдын айырмасын салыштырасызбы?
— Албетте, мурдагы менен азыркы айылдын ортосу — асман менен жердей. Мурда үйлөр азыркыдан жупуну, чакан, бирок ушунчалык ысык, кучагы кенен эле. Азыр барсаң үйлөр заңгырап, короолор бийик тосулган, бирок баягыдай жылуулук, карым-катыш жок. Ар ким өзү менен алек болгонго көбүрөөк ыктап бараткандайбыз. Ал кезде элдин катышы бекем эле. Бирөө шаардан барса же келсе чоң майрам болчу. Ал кездеги бири-биринен нан, чай сурамай күнүмдүк эле көрүнүш болуп турган. Бирөө конокко чакырса, дасторкондо май менен кант эле турчу. Кээ бир үйлөр набат койсо, укмуш бай сезилчү. Куда тоскондо деле бир кой союп эле узатып коюшчу. Жашоо жупуну болгону менен мамиле ысык эле. Азыр материалдык жакка көп көңүл бөлүп бараткандайбыз. Шаар тургай, айыл да ошого жетиптир.
— Балдарыңыздын балалыгы менен өзүңүздүн балалыкты салыштырасызбы?
— Азыр кичине балдардан бери «акча тапсам» деген ойдо болуп калгандай сезилет. Бири-бири менен катыш, достошуу, баарлашуу деле онлайн болуп калды. Бул гаджеттер бизди жакындатпай эле кайра алыстатып койду. Бул нерсенин жакшы жактары да бардыр, бирок мурдагыдай жыт сиңишкен достук азыркы балдарда болбой калат окшойт.
— Азыр убакытты канчалык өзүбүзгө ыңгайлаштырбайлы, эч нерсеге жетишпей жатабыз. Сиз үчүн убакыт кандай өтүп жатат?
— Атам астроном болгон. Жылдыздарга жакын болуп, космос жөнүндө көп суроолорду берчүмүн. Жакында бир маалымат окудум. «Кара куюн» деп койгон нерсе галактиканы сордуруп кетип жатат» деп айтып жатабыз. Ошого окшогон дагы бир нерсе пайда болуптур. Ал «кара куюнду» да кошо соруп бараткан экен. Ошого жакындаган сайын галактикалар да ошончолук тез кыймылдап жатыптыр. Бул нерсе «Куранда» да айтылган. Барган сайын убакыттын берекеси жоголот. Азыркы учур 24 саат эмес, 20 сааттын тегерегиндей эле.
— Талантты эч ким сурап албайт. Сизге Кудай берип койгон экен. Чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз?
— Чыгармачылык дүйнө мен тааный баштагандан эле тыгыз байланышта. Менимче, ар бир адам кайсы бир нерседе таланттуу. «Кээ бир адамдар өзүн таанып билбей эле өтүп кетишеби?» деген ой келет. Атам үйгө китеп эле чогулта бергени да таасир берди деп ойлойм.
— Ырларыңыз кандай учурда жаралат жана кандай сезимде болосуз?
— Эне баласын төрөгөндө кандай сезим, толгоо болсо, чыгарма жаратууда да ошондой сезим болот. Акыл-эсиң башка бир мейкиндикке чыгат. Аны акыл менен жүрөк тогошкон учур деп эсептейм. Ошондой учурда ичиңдегини төгүп, жазып калышың керек. Менде басып баратканда көп саптар келет. Ал учурда диктофонду коюп, оозеки жаздырып, кийин оңдоочу жерин оңдоп жазып калам.
— Айылдан жаңы келип, чоң турмушка кадам таштаган студент учурларыңыздан эске салсаңыз?
— Ал учурда биз үчүн шаарга келүү чоң нерсени багындыруу сыяктуу сезилчү. Анда саналуу эле беш окуу жай болчу. Ага да өтүп, окуп калуу аябай чоң ийгилик катары каралчу. 1990-жылы окууга өтүп, бир жылдан кийин СССР таркады. Ага куйрук улаш экономикалык жактан оор учурга туш келип калдык. Биринчи алган стипендиябыз 20 рублдын тегерегинде болгон. Андан кийин сом кирип, ал эч нерсеге жетчү эмес. Өкмөт баш болуп, кадимкидей эле ачкачылык менен күрөшө баштадык. Жатаканада үч жыл жашап, бири-бирибизден нан, чай сурап жашаган учурлар өттү. Студент кезде №28 мектепте кароолчу болуп иштеп калдым. Акчасы аз болуп, ага кошумча мектептин алдын шыпырып жүрдүм. Андан кийин «Асаба» деген гезитке практикага барып, дароо ошол жерде калып, окуум айкалыштырган шартта иштедим.
— Атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун алгачкы эмгек акысын баарыбыз билебиз. Сиздин алгачкы эмгек акыңыз канча болгон?
— Алгачкы эмгек акым мектеп учурунда болгон экен. Мектептин он гектар жерине картошка эгилип, аны атам иштеткен. 5-6-классымдан баштап 2-3 жыл ошол жерде картошка чаап иштегем. Атам менен чогуу жайында чөп жыйначубуз. Ошонун артынан биринчи айлыкты алгам. Мектепти бүткөндөн кийин бир жыл окууга өтпөй, сакмалга барып, 400 рубль, 2 кой сыйлык алгам.
— Ушул жашта туруп, артка кылчайып, «Эмнеге жетишпей калдым, неге өкүндүм?» деп анализ жүргүзөсүз да. Ошол тууралуу айтсаңыз?
— Түн уйкуңду бузуп, санаага айланган нерселер бар. «Жашаганың, кылып жаткан нерсең, багытың туурабы?» деген ойлор дайыма боло берет. Бул коомдо болуп жаткан ар кандай окуяларга да тиешелүү болушу мүмкүн.
— Устат-шакирт деген нерсе бир эле чыгармачылыкта болушу керекпи?
— Менин оюмча, жашоодо ар бир адамда устат деген болушу керек. Анткени канча жашка барбайлы, бирөөнүн акыл-кеңешине муктаж болуп калабыз. Кээ бир адамдар жалгыздыктан менталдык психологиялык ооруга чалдыкканын билбей жүрө беришет. Ошонун баарын аны басып өткөн адам аркылуу гана билип, аңдап түшүнөбүз.
— Маегиңизге чоң ырахмат!