Биз менен байланышыңыз

Акынбеков: Импотенциянын башкы себеби: тамеки, насвай, кальян

Блог , Коом | 18 Ноя 2021 | 1704 | 0

Акыркы убактарда Кыргызстандагы эркектердин саламаттыгы начарлап, жаш курагы кыскарып баратканы тынчсыздануу жараткан көйгөйгө айланууда. Айта кетсек, 40 жаштан жогорку курактагылар арасында эркектерден аялдардын саны 1,5 эсеге аз экени, ал эми 70тен жогорку курактагы улгайгандар арасында 100 кемпирге 55 абышка туура келери Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Дарыгерлер мунун башкы себеби катары тамеки тартуу, насвай атуу экенин белгилешет. Тамеки, насвай, кальян сыяктуу терс көрүнүштөр айрыкча, тукумсуздуктун, жыныстык шалдыктын (импотенция) башкы булагы болорун урологдор байма-бай түшүндүрүп келишет. Дал ушул тема боюнча уролог-андролог Абдирашит Акынбеков менен болгон маекти сунуштайбыз.

— Кыргызстанда эркектер үй-бүлө курганга чейин ден соолугуна кам көрүшөбү?

— Германияны мисалга алып кетейин. Ал жакта эркек ата болгонго, аял эне болгонго бир жыл мурун даярдык көрөт. Мисалы, эркек тамекини таштап, ден соолугун чыңдап, спорт менен алектенип баштайт. А бизде азырынча мындай түшүнүк калыптана элек. Жаш жубайлар медициналык жана генетикалык кеңештен өтүп, анан баш кошушу керек. Ал тургай бул жаатта токтом да бар. Бирок, ал кагаз жүзүндө гана калып, аткарылбай келет. Эгер ал токтом ишке кирсе, жаш жубайлар ЗАГСтан өтөрдөн мурун гинеколог, урологго бармак. «Келечекте кандай ата (эне) болуу керек? Үй-бүлөнү кандай күтүү керек? Баланы кандай пландоо керек? Бала жасоо үчүн ата-эненин ден соолугу кандай болушу керек?» Ушул өңдүү суроолордун тегерегинде кеңеш алышмак. А бизде жаштар, эркектер кенебес мамиле жасап, маани бербей келишет. Кеңеш алгандар бар, бирок аз. Бул токтом коңшу өлкөлөрдө иштейт. Мисалы, Өзбекстанда жаш жубайлар медициналык кароодон өткөнүн тастыктаган маалымкат алып бармайынча, нике күбөлүк берилбейт. Тажикстанда да ошондой.

— Эмне үчүн акыркы жылдары эркектерди арасында тукумсуздук өсүүдө?

 — Акыркы беш жылда Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда чет жерде иштеген эркек мигранттардын саны өсүп жатат. Негизинен кара жумуштарда иштеп, медициналык камсыздандыруусу жок болгондуктан, саламаттыгына толук кандуу көз сала албайт. Жакында эле мага Москва шаарынан кыргыз айдоочу кайрылды. Тиричилик менен алек болуп, ден соолугун экинчи орунда калтырып койгон экен. Биринчиден, айдоочу эки-үч суткалап бир орундукта олтурат. Эс алуу, уктоо режим бузулат. Экинчиден, тамактануу режим бузулат. Андан соң репродукциялык органдарга таасир берип, ар кандай жыныстык ооруларга чалдыгат. Анан болгон чогулткан акчасы менен бизге кайрылууга аргасыз болот.

Кошумчалай кетсек, бизде, түштүк чөлкөмүндө, насвай атуу жайылууда. Жаштар арасында тамеки, насвай, кальянга талап өскөн. Түштүк аймактарда кырктан ашкан эркектердин 90 пайызы жыныстык алсыздык менен ооруйт. Бирок намыстанып, коомчулукка, теңтуштарына айтпайт. Насвай, тамекинин курамында мышьяк деген уулуу зат бар. Бул эркектердин ден соолугуна өтө кооптуу. Жаштар — биздин келечек. Бирок ошол жаштар арасында бул ооруга чалдыккандар көбөйүп баратат. 20 жыл мурун простатит оорусу менен 25 жаштан жогорку балдар кайрылышчу. Азыр 17-18 жаштагы балдар кайрылып жатышат. Мурун импотенция менен 30 жаштан жогоркулар кайрылса, азыркы учурда 20 жашында кайрылып жатканы өкүндүрөт. Бул — эркектик касиети жок, бел кубаты аз, жыныстык шалдык деген сөз да. Мындай темп менен кетсек, дагы 30-40 жылдан кийин эркектердин саны эки эсе азаят.

— Бул көйгөйдү чечүү жолу катары эмнелерди сунуштап, кандай кеңеш берет элеңиз?

— Жугуштуу жыныстык оорулар менен ооруп, бирок жакшы дарыланбай жүрө берүү да эркектер арасындагы көп дартты пайда кылууда. Эркектер улуттук менталитеттин күчтүүлүгүнөн да уялып, дарыгерлерге кайрылышпайт. Айрыкча, айыл жериндегилер. Эркектер суицидге аялдарга караганда үч эсе көп барууда. Келечекте ден соолугу чың үй-бүлө куруу үчүн, таза кандуу, ден соолугу чың балалуу болуу үчүн ата эң кеми үч ай даярданышы керек. Тамеки тартпай, туура, пайдалуу тамактанып, спорт менен машыгып, эң негизгиси, зыяндуу адаттардан алыс болушу зарыл. Тукум улай турган курактагы эркектер ден соолугуна олуттуу мамиле жасабаса, генефонд үчүн опурталдуу.

Copyright © 2017 Maral FM