Биз менен байланышыңыз

Умаров: Жашооңуздун бир бөлүгү «Куран» болсо, эң бактылуу адамсыз

Блог | 22 Дек 2023 | 488 | 0

Меккедеги «Куран» окуу жарышында биринчи орунду алып, дүйнөдөгү эң мыкты 10 карынын катарына кирген Мухаммедали Умаров «Маралга» сынакка катышуу тартибин, «Куранды» эми үйрөнүп баштагандар эмне кылышы керек экендигин айтып берди.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Азыр кээде өзүбүздүн айылдагы кичине балдарга «Курандан» сабак берип калам. Андан тышкары жакын арада окууга кетебиз, ошого даярданып жатабыз.

Жакында эле Катарда «Куран» жарыш болуп өттү. Дүйнөдөгү 10 мыкты карылардын катарын толуктайт экенсиз. Ошол сынак боюнча айтып берсеңиз?

— Аны дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы «Куран» жарыштардан десек болот. Ошондуктан үч жылда бир жолу өтөт. Башка жарыштардан өзгөчөлүгү: дүйнө жүзүндөгү сынактардан биринчи орунду алган карылар гана катыша алат экен. Ошол убакка чейинки жарыштарда биринчи орунду алып жүргөн 70 кары катышып, арасынан 10 кары финалга чыктык. Ага чейин кыйын этаптарда Аллага дуба, тобокел кылып, финалга жетүү насип болду. Финалга жеткен 10 карынын сүрөтүн биз жашап жаткан мейманкананын сыртына чыгарып көрсөтүшкөн. Эгер арапчаны билбесең, жарышта аябай кыйналасың. Себеби башка сынактардан айырмаланып, суроолорду өзгөчө ыкмаларды колдонуп даярдашкан. Аны түшүнүү үчүн сөзсүз түрдө арап тилин билишиң керек. Эң биринчи тафсир (аяттарды чечмелөө) боюнча суроолор болду. Болгондо да өтө кыйын суроолор келет экен.

Былтыркы Меккеде өткөн жарышта «Куранды» толук жатка окуу, андан тышкары тафсир боюнча да катышкам. Анда тафсирди китепти жаттабай, маанисин гана айтып берсең, толук бир упай берилет эле. Бул жолкусунда бир китепти коюп, анда кандай жазылса, ошондой жооп берүү керек болду. Эгер бир тамганы айтпай койсоң же кошуп койсоң, бир упай кемитип коёт. Ошондуктан ага аябай катуу даярданганбыз. «Куранды» болсо бир аяттын башын эле бир аз окуп коёт, калганын өзүң улантып кетишиң керек. Ал эми башка жарыштарда кары адашып калбашы үчүн бир аят толук окулат.

«Тафсир» деген эмнени түшүндүрөт?

— Тафсир — «Курандын» чечмелениши. «Куранда» кээ бир сөздөр, кээ бир аяттар бар. Аларды чечмелеп бермейинче, адамдар түшүнбөйт. Ошол үчүн конкурста да аяттын чечмеленишин арап тилинде жатка айтып берүү талабы коюлду.

— «Куран» сиз үчүн эмне? «Куран» дегенде оюңузга эмнелер келет, эмнени эстейсиз?

— «Куран» — бакыт, «Куран» — береке. Алла Таала «Куранда» Пайгамбарыбызга кайрылып айтып жатат: «Сага, үммөттөрүңө түшүргөн бул китеп — берекелүү китеп», — деп. Ошондуктан «Куранды» уккан, окуган, үйрөнгөн жана башка бирөөнө үйрөткөн адамга да береке берет экен. Эгерде жашооңуздун бир бөлүгү «Куран» болсо, сиз эң бактылуу адамсыз. Алла Таала баарыбызга «Куран» менен жашаганды насип этсин.

Ар бир адамдын алгачкы жолу тамга таанып, адашып, окууга жана үйрөнүүгө шашкан учуру эч эсинен кетпесе керек? Сизде бул учурлар кандай өттү эле?

— Ооба, алгач жаттай баштаганда аябай кыйынчылыктар болот. Бирок Алла Таала бизге «Куранды» жеңилдетип түшүргөн. Башында бир аз кыйналганың менен, сабырдуулук кылсаң, Алла өзү береке берет экен. Анан көп шашпоо керек. Мени менен чогуу окугандар жакшы жаттайт эле. Аларды көрүп аябай суктанып, кээде үйгө ыйлап келчүмүн. Ата-энеме Алла ыраазы болсун, мени сооротушуп, жакшы сөздөрүн айтышып, «Бир аз сабыр кылсаң, сен да ошондой деңгээлге жетесиң», — деп колдоо көрсөтүп турушту. «Куран» жаттаганда эле эмес, башка илимде деле же бир чөйрөдө ийгилике жетишүүгө аракет кылганда деле эч шашпоо керек экен. Анткени шашкалак адамдын ийгиликке жетиши кыйын. Биринчи Аллага тобокел кылып, жардам сурап, сабыр кылса, бардык кыйынчылыкты жеңип өтөрүнө ишенем.

— «Куранды» жаттап жаткан учурда араптын бир да сөзүн билбестен жаттаган экенсиз. Тил үйрөнгөндөн кийин «Куран» окуганда кандай сезимдер болду?

— Негизи арап тили көптөгөн илимдердин ачкычы экен. Шариятты (туура жол, милдеттүү озуйпалар, укук, мыйзам) «Куранды» жана хадис илимдерин түшүнүүнү каалаган адам сөзсүз арапчаны үйрөнүшү керек деген ойдо калдым. Аяттардын котормосун билбей деле «Куран» уксаң же окусаң, Алла жүрөгүңө тынчтык салып, жакшы сезим пайда болот. Арап тилин үйрөнүп, окугандан кийин дагы да көбүрөөк тартыласың. Себеби маанисин түшүнгөндөн тарта Алланын сөздөрү кооз экенин аңдадым.

Кары деген сөздүн да өзүнчө бир жоопкерчилиги болсо керек?

— Ооба. Анткени кары дегенде «Куранды» толук жаттап, көкүрөгүндө Алланын сөзүн көтөрүп жүргөн адамды түшүнөбүз. «Куранды» толук жаттоо — ийгилик, бирок аны өмүр бою сактоо кыйын нерсе. Себеби күндө окуп, кайталап, унутпаганга аракет кылуу керек. Бир аалым: «Сен «Куранды» жаттап туруп, ага амал кылбасаң, кары болуп аталганыңдын эмне кереги бар», — деп айткан экен. Кыяматта да Алла Таала эң биринчи тозокко үч адамды: «Куран» жаттаган карыны, кайрымдуулукту көп кылган байды, дин үчүн, Мекен үчүн курман болгон баатырды салары айтылат. «Себеби алардын ниетинде «эл көрсүн, эл мактасын» деген максат болгону үчүн» делинет. Бардык ишти элге жагуу үчүн эмес, Аллага жагуу үчүн, Алланын ыраазычылыгын алуу үчүн жасоо керек. Ошондуктан «Куранды» жаттагандан кийин дайыма напсиң менен күрөшүп турганга туура келет. Ушул жагынан караганда, өтө чоң жоопкерчилик.

— «Куранды» кичинеңде, тилиң ийкемдүү кезде үйрөнүп ал, тил катыгандан кийин үйрөнүү кыйын» деп коёт эмеспи. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?

— Мунун да канчалык бир деңгээлде чындыгы бар. Анткени кичинеңде жаттаган нерсе өмүр бою сакталат экен. Унутуп калсаң да, он жылдан кийин дагы бир-эки жолу кайталаганда кайра эсиңе түшөт. Кыргызда «Атыңды ташка чексең калат, кумга жазсаң, шамал учуруп кетет» деген сөз бар. Жаштыкта жаттаган нерсе да ташка жазган сыяктуу калып кетет. Анан калса, жаш балдарда көр түйшүк, санаа, кайгы сыяктуу нерселер болбойт эмеспи. Чоңойгондо түмөн түйшүк башталып, 24 саатыңды толук «Куранга» арнай албайсың. Анткени менен улгайганда да «Куран» жаттагандарды көрүп жатабыз. Негизи жаттаганга төрт-беш жыл убакыт кетет. «Куран» үйрөнүүгө жаш курак чектелбейт. Болгону ага арнаган убакыт жана аракет болушу керек.

Азыр көпчүлүк балдарын жайкы каникулдарда медреселердеги «Куран» курстарга берет. Балдарын кары, хафиз кылууну каалаган ата-энелерге кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Менин оюмча, эң биринчи ата-эне балдарына көп дуба кылышы керек. Жакшылык иштерди жасап, садаканы көп кылышы керек деп ойлойм. Анткени ата-эненин балдарына кылган дубасы түзмө-түз кабыл болот. Эгерде «Куран» жаттаган болсо, балдарына өздөрү үйрөтсө жакшы. Азыр бизде медреселер балдарды 9-11-класстан кабыл алышат. Кичинекей балдарды каникул учурунда гана лагерлерге беришет. Ошого ата-энелер өздөрү жакын жердеги мечиттерге барып, имамдар менен каражат жагын да сүйлөшүп, аларга шакирт кылып берсе жакшы болот. Азыр шаарда да атайын «Куран» жаттаткан курстар ачылган. Ошол жакка алып барса да жакшы.

Жогоруда айтылган жерлердин атмосферасы башкача болот. Үй-бүлөдө балдардын «Куранга» кызыгуусун арттыруу үчүн кандай шарт болушу керек?

— Ал нерсени сездирип туруу үчүн ата-эне өзү «Куран» жаттап, жок дегенде «Куран» угуп турушу керек. Балдарга «Курандын» пазилетин, пайдаларын айтып турса жакшы. Ошондо гана кызыгып, жакшы жаттайт. Эң башкысы, балдарга жакшы чөйрө тандап бериши зарыл. Ата-эненин, анан чөйрөнүн таасири чоң.

Көп эле конкурстарга катышып калдыңыз. Ошол жарыштар сизге, жаштарга кандай таасирин тийгизди?

— Эң биринчи жаттаган «Кураның», илимиң бекемделет. Тафсир, тажвид эрежелерин тереңден үйрөнөсүң. Бул конкурстардын максаты: мусулман жаштарын Исламга, «Куранга» чакыруу жана ошону менен жашатуу. Эгер бирөө алдыңкы орунду алса, жаштар ошол нерседен дем-күч алып, кызыгуусу артат.

Ар бир катышкан жарышта өзүнчө толкундануу сезими болсо керек?

— Ооба, албетте. «Куран» жарышка катышкан карылардын ар биринде толкунданбай коюу болбосо керек. Мен өзүм көп толкунданган адаммын. Ошого өзүмө таянбай, Аллага таянып, дуба кылам. Анан жакшыраак даярдануу зарыл.

 «Куран» окугандан сырткары эмнелерге кызыгасыз? Кандай хоббилериңиз бар?

— Спорт менен машыгабыз. Көбүнчө футбол ойнойм. Бардык эле медреселерде спорт менен жакшы алектенишет.

— «Илимди алыстан алуу керек. Ошондо жугумдуу болот» деген сөз бар го. Бул сөздүн чындыгы барбы?

— Бул нерсе адамдын өзүнө байланыштуу болот. Билимге дилгирлиги болсо, өзүн кайсы жерде болсо да өстүрө алат. Алыста жүргөндө кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликти сезесиң. Себеби Мекениңди, ата-энеңди таштап, билим алганы баргандан кийин аны актоого аракет кыласың. Алыста окугандын пайдасы ушунда болсо керек деп ойлойм.

 «Куран» окуп, үйрөнөйүн деп жаткандарга кандай кеңештерди бересиз?

— Бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат. Ар бир ата-эне баласынын курсагын эле ойлой бербей, илим-билимге да сугарышы керек. Анткени ал чоңойгондо үй-бүлөсүнө, жанындагы адамдарга да пайдасын берет. Бардык нерсени үйрөнүп жатканда сөзсүз кыйынчылык болот. Эгер ошол кыйынчылыктарга сабыр кыла албасаң, өнүгүп кете албашың мүмкүн. Илим алып жатканда эң биринчи дисциплина керек. Пайгамбарыбыз: «Эң жакшы амалдар — аз болсо да, дайыма уланып турган амалдар», — деп айтып кеткен. Ошол үчүн аз болсо да күндө ошого маани берип, кайталап туруу зарыл.

Андан тышкары мусулман адам бардык тараптан күчтүү болушу керек, айрыкча жаштарда энергия толуп турган убакта. Биз күндө беш маал намазыбызды окуп, амалыбызды кылып, кандай кесиптин ээси болбойлу, майын чыгара аткарсак, Алла Таала берекесин берет. Алла Таала баарыбызды элге-жерге кызмат кылуубузду насип этсин!

— Маегиңизге чоң ырахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM