Биз менен байланышыңыз

Эл каттоо тууралуу суроолорго жооптор (түшүндүрмө)

Блог , Коом | 25 Мар 2022 | 1702 | 0

Кыргызстан эгемендик алгандан бери быйыл үчүнчү жолу эл каттоо өтүп жатат. Айта кетсек, буга чейин 1999-жылы жана 2009-жылы калк жана турак жай фонду катталган. Бул өнөктүк 2020-жылга белгиленип, бирок пандемия шарттарына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Бүгүн, 25-марттан тарта Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо башталды. Ал 3-апрелге чейин өткөрүлөт. Ал эми алыскы аймактарда өнөктүк 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Каттоонун алдын ала жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы жылдын аягында жарыяланат.

Өнөктүктүн жүрүшү, анын шарттары боюнча Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматкери Махтумкули Макешов «Маралга» маалымат берди.

Эл каттоо мамлекетке эмне берет?

Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, үй-бүлөлүк түзүмү, өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.

Каттоолорго негиз катары өзүн аныктоо принциби камтылган, тагыраагы, зарыл маалыматтар тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин оозеки айткан сөздөрүнөн алынат. Өлкө аймагындагы адамдар жарандыгынын же каттоосунун бар-жогуна, жашаган жерине карабастан, эсепке алынат.

Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Башкача айтканда, эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө ой жүгүртүүгө портрет болот жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

Быйылкы эл каттоонун өзгөчөлүгү кандай?

Быйылкы эл каттоонун өзгөчөлүгү электрондук түрдө болот. Аны менен маалыматты ыкчам жана ыңгайлуу алууга шарт түзүлөт. Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан бери эл каттоо үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. 1999-жылы да, 2009-жылы да кагаз аркылуу жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда алынган маалыматтарды чогултуу Улуттук статистика комитетинин серверинен каттоочуларга алардын Android-5 жана андан жогору версиялардагы жеке телефонуна же планшеттерине орнотулган тиркеме аркылуу берилет.

Каттоо барагынын суроолор жыйнагына биринчи жолу көрүү, угуу жана басып жүрүүгө байланышкан көйгөйлөрү бар калктын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүнүн чектелиши боюнча суроолорду камтыган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын индикаторлору киргизилди. Бул майыптардын санын тактоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле маалыматтык технологияларды жана күн батареяларын колдонууну билүүлөрү тууралуу кошумча суроолор да киргизилген. Мындан тышкары КМШ жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын алкагында каттоо барактарына эмгек миграциясы боюнча суроолордун блогу да камтылган.

Чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттар эсепке алынабы?

Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттин бардык жараны, өлкөдөгү чет элдик жарандар, жарандыгы жоктор жана чет жерде бир жылдан ашпаган мөөнөт жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында бир жыл же андан ашык жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн алгачкы жолу атайын форма иштелип чыккан, ал эл каттоонун жүрүшүндө колдонулат.

Калктын айрым категориялары (аскер кызматчылары, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле чет мамлекеттеги республиканын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн персоналдары) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тийиштүү органдар аркылуу каттоодон өтөт. Сыртта жүргөн мекендештер да каттоого алынат. Алар үчүн атайын №4 форма берилет.

Ички мигранттар кантип каттоого алынат?

Айрым учурларда «Катталган жери Нарын облусунда болуп, респондент Бишкек шаарында жашаса, анда катталган жерине барышы керекпи же жашаган жеринен эле катталса болобу?» деген сыяктуу суроолор берилет. Эч жакка баруунун кажети жок. Каттоочу учурда жашап жаткан жеринен да каттап кете алат.

Эгер жаран эл каттоого катышуудан баш тартса, анда ал мыйзам чегинде жоопко тартылабы? Өзү тууралуу маалымат бербеген жарандарга кандай чара көрүлөт?

Кыргыз Республикасынын эл каттоо мыйзамына ылайык, бардык жаран эл жана турак жай каттоосунан өтүшү керек. Ал эми өзү тууралуу маалымат бербеген жарандарга кайсы бир деңгээлде жаза каралган эмес. Бул жерде адамдын аң-сезимине жараша болот. Буга чейин да массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка байма-бай кайрылып келгенбиз. Эл каттоону түшүнүү менен кабыл алышса, анткени бул мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги чоң иш-чара болуп саналат. Бул эл каттоо учурдагы мамлекетибиздин реалдуу абалын сан менен көрсөтүп берет. Жарандарыбыз активдүү катышып берерине ишенем. Анткени алдыдагы өлкөнүн өнүгүү пландарына көмөктөшөт.

Каттоонун жүрүшүндө респонденттердин кайсы маалыматтары эсепке алынат?

Каттоо анкетасында негизги суроолор болуп жынысы, туулган күнү, үй-бүлөлүк абалы, улуту, өлкөсү жана туулган жери, убактылуу жок болгону же убактылуу жашаганы жөнүндө белгинин болушу, жарандыгы, тил билүүсү, респонденттин миграцияга тиешеси барбы, билими барбы, билим берүүчү жайда окуйбу же бала бакчага барабы, иши жана жашоо булактары жөнүндө маалыматтар саналат. Ошондой эле компьютерди, интернетти жана уюлдук байланышты колдоно билүүсү тууралуу маалыматтар эсепке алынат.

Көчөсүнүн аталыштары жана үйлөрдүн номурлары жок, мисалы, жаңы конуштарда эл каттоо кандайча өтөт?

Буга чейин биз жергиликтүү органдарга эскертүү бергенбиз. Эл каттоо толук кандуу бүтмөйүнчө 2022-жылдын аягына чейин эч бир жерде көчөнүн аталышы өзгөрүлбөшү керек. Көчөнүн аты өзгөрүп кетсе, кайсы бир деңгээлде түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Ошон үчүн жергиликтүү башкаруу органдарына да айтылган. Бул боюнча Министрлер кабинетинин атайын токтому да бар. Ушул жылдын аягына чейин эч кандай, эч бир жердин аталышы өзгөртүлбөйт.

Жарандардын маалыматы канчалык деңгээлде корголгон?

Каттоо иштери аз эле убакытты алат. Дагы белгилеп кете турган жагдай, азыркы тапта ар кандай шылуундар, алдамчылар бар. Эл каттоо деген өнөктүктү жамынып алып, өз кызыкчылыгына пайдаланып кеткендер да болушу мүмкүн. Эгерде сиздин үйүңүзгө каттоочу келсе, анда күбөлүгүн талап кылышыңыз керек. Күбөлүккө райондук, шаардык, айылдык башчылардын мөөрү басылат. Ошондой эле QR-код аркылуу каттоочунун анык экенин текшерип алсаңыз болот. Ал эми улуу муундагы инсандар үчүн 1612 номуру аркылуу сурап билгенге болот. Чындыгында эле каттоочу экенин билип, анан катталыңыздар.

Copyright © 2017 Maral FM