Биз менен байланышыңыз

Садыбакасова: «Кыз Бураксыз» жашай албасымды билип, бизнести таштадым

Блог | 21 Дек 2023 | 632 | 0

Легендарлуу «Кыз Бурак» эстрадалык тобун бир канча жыл жетектеген Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова «Маралдын» «Биздин мезгил» программасында баскан жолу, «Кыз Бурактын» чыгармачылыктагы чыйыры тууралуу кенен маек куруп берди.

— Убакыт өткөнү менен кээде отуруп кыялыбызда артка кылчайып көз жүгүртөбүз. «Биздин мезгил» программасы менен биргеликте сиздин балалыкка саякат кылсак. Балалык дегенде көбүнчө кайсы убагыңызды элестетесиз?

— Төрт жашымда дүйнөнү тааный баштадым окшойт. Ошол кездеги жасалган кээ бир нерселер, жаратылыш, короодогу гүлдөр эсимде калган. Басып баратканда боюм менен тең гүлдөрдү көрүп, «ушундай да болот экен» деп таң калганым бар. Кыргызстандын кооз жерлеринин бири болгон Ноокат районунун Абшыр-Сай деген жеринде 1953-жылы төрөлгөм. Айылдагы адамдардын пейили, кайсы убакта болбосун, очокто казандын асылуу турганы, эшикти кулптабай, жөн эле жаап коюп кеткенибиз өзүнчө баалуулук, өзгөчөлүк болгон экен. Азыркы учурда болуп жаткан өзгөрүүлөр кайра эле артка бир аз кетенчиктегендей сезилип жатат. «Ушундай болуп кете берсек, өзүбүздүн нарк-насилибизди, каада-салтыбызды унутуп коёбузбу?» деген бүдөмүк ойлор жашап турат.

— Төрт жашыңызда эле гүлдөр деп айтып калдыңыз. Жаратылыш менен мамилеңиз кандай?

— Ооба, жаратылыш менен балалыктан эле аябай таттуу мамиледемин. Биздин айылда бир эле менин чоң энем гүл өстүрчү. Короого киргенден акырына чейин гүлдөр болчу. Жер-жемиштин түрүн өстүрүп, гүл курчаган короодо чоңойгом. Малыбыз да көп болгон үчүн уйларды өзгөчө жакшы көрчүмүн. Бул убакыттар өмүрүбүздүн тээ этегинде калды. Айла жок, жөн эле отуруп сагынабыз, эңсейбиз. Кээде баарын таштап, айылга качып кеткиң келет. Убагында качып да кетип жүргөнбүз. Бирок акыркы убакта жамандык-жакшылыктарда эле барып калдык.

— Элдин, мамлекеттин берген профессор деген баасы бекеринен эмес болсо керек. Бул көрсөткүчкө мектептеги алган билимиңиз, тарбияңыз таасирин бердиби? Мектепте кандай окуйт элеңиз?

— Мектептен алган билимибиз, тарбиябыз, ага кошумча ата-энебиз берген тарбия жана өзүбүздүн кыялыбыз, дилгирлигибиз калаага алып келди. Ал жерде окуп, билим алып, студенттик күндөрдү кызыктуу өткөрдүк. Ушул нерселерден өтүп, өлкөбүзгө аттын кашкасындай таанымал болуп калган «Кыз Бурак» деген брендди устатыбыз Рахман Салмаматов менен биргеликте түптөдүк. Топ эгемендик алганга чейин, алгандан кийин да мамлекеттик деңгээлде болобу, эл аралык деңгээлде болобу, өз өнөрүн тартуулап, маданияттын өнүгүшүнө салымын кошуп келди.

Чыгармачылыкка болгон каалоом кичинемден башталган. Апам темир комуз кагып, ар кандай күүлөрдү ойночу. Анан отуруп алып ырдап берчү эле. Атам-апам экөө тең мугалим болгону үчүн чоң радиону биринчилерден болуп сатып келишкен. Ага чейин айылда андай буюм жок эле. Алгач үнүн укканда коркконубуздан баарыбыз качып кеткенбиз. Андан кийин радионун кайсы толкунунда кандай программалар болорун жаттай баштаганбыз. Телевизорду да айылга биринчи алып келген атам болду. Айыл бүт келип, баарыбыз көрчүбүз. Бир чоң мейманканага батпай, ар бир программа качан башталарын да алдын ала билет элек.

— Чыгармачылыгыңызга радионун, телевизордун да таасири тийсе керек. Кимге окшошкуңуз келип, «ушул ырчыдай ырдасам экен» деген дилгирлигиңизди кайсы ырчы ойготту эле? 

— Экия Муканбетов дегенди биринчи жолу ошондо уккам. Кыз-келиндер менен чогуу чыгып ырдачу. Анан эстрада ырчыларынан Чоро Кожомжаров тобу менен чыгып турган. Алгачкы жолу кыргыз эстрадасынан Айша Базарбаеванын «Бульварым» деген ырын уккам. Ошол күндөн баштап эле эстрадага болгон дилгирлигим өсүп келген. Окууну бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) музыка факультетине тапшырайын десем, ата-энем катуу каршылык көрсөтүп, аргасыз кыргыз филологиясы факультетине тапшырдым. Бирок эки жыл катары менен өтпөй калдым. Үчүнчү жылы атам айылга алып кетти. Мени үйгө таштап, өзү эшек минип, чөп оруп келгени тоого кетип калды. Өкүрүп-бакырып ыйлап отуруп алсам эле апам байкуш: «Тур кызым, окугуң келеби? Жөнө, атаңа өзүм түшүндүрүп коём», — деп кайра мени шаарга жөнөттү. Апам: «Кайра эле кыргыз филологиясына тапшырса керек», — деп ойлогон экен. Барып эле музыка фаультетине тапшырып, өтүп кеттим. Ошол учурда беш миңге жакын кыз-келин окуйт элек. Арасынан тандалып жатып кыздар ансамблине онубуз өттүк. Алгач «Шоола» деген кыздар ансамбли түзүлүп, туш тарапка жөнөттү. 1976-жылы «Кыз Бурак» деген топту Ошто түптөп чыкканбыз. Ошондон бери Кыргызстанды кыдырып концерт коюп, мамлекеттик, эл аралык иш-чаралардын сап башында эл агартууга салымыбызды кошуп келдик.

— «Кыз Бурак» деген аталыш каяктан келип чыкты эле?

— Биринчи топту чогултуп, анан ат издей баштаганбыз. Рахман аке бир күнү үч кызга тапшырма берди. Атайын конкурс жарыялап, бир кутучага «Кыздар ансамбли түзүлүп жатат. Ошого ылайыктуу ат керек. Кимдин сунуштаган аты жакса, белегибиз бар» деп жазып, элден пикир чогулттук. Конкурс мөөнөтү бүткөндөн кийин кутучаны ачып, бир нече атты иргеп алдык. Арасында Перизат, Өмүр, Кызбурак ж.б. аттар бар эле. Аларды залкарлардын тандоосуна коюп, көптөгөн сунуштун негизинде «Кыз Бурак» деген атты тандап алдык.

— Бир топту баштап, түзүп чыгуу да оңой-олтоң иш эмес. Биринчи бул иш башталганда кандай кыйынчылык, бут тосуулар болду эле?

— Уюшкандан эле бут тосуулар башталган. Бул нерсени мен «кыргыздын фольклору» деп коём (күлүп). Жакшы ишти баштасаң, сөзсүз көлөкөдөй болуп, душманың чогуу жүрөт. Ошол нерсе бизде да далай жолу болду. Муну айтып отурсаң сөз бүтпөйт. Мен чүнчүп, «бул иш меники эмес экен» деп, орто жолдон башка ишти кармап кете турган адамдардан эмесмин. «Бир беттеген ишимди акырына чыгарышым керек» деген адамдардын катарындамын. Мүнөзүмдөгү көк беттик, өжөрлүгүм кайра жандандырып турду. Эң негизгиси Аллахым, андан кийин кыргыз элим дем-күч берди. Ал кезде өзүң үчүн жашай турган мезгил эмес эле. Концертти беш тыйынга коюп, түшкөн акчаны мамлекетке эсептеп берчүбүз. Мамлекет бизге кайра айлык төлөп берип турган. Ошол кездеги кыздардын тарбиясы, ынсаптуулугу, музыканы көкүрөгүнө сиңиргени, кыргыздын нарк-насилин ыйык тутканы «Кыз Бурактын» дүңгүрөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген. Ошондогу ысык-суукка карабай ырдаган, барга да, жокко да чыдаган кыздар менен иштешкениме сыймыктанам. Тартипти катуу кармаган адаммын. Азыр андагыдай эрежелерге чыдабай кетип калган кыздар көп болуп жатат.

— Андан бери бир топ убакыт өтүп кетиптир. Ошол кездеги замандаштарыңыз менен азыр кандай мамиледесиз?

— Ооба, биз өтө мыкты мамиледебиз. Ошол учурда жеке ырчылардын эмес, ансамблдердин чыгышы мода болгон. Себеби союз боюнча ар бир мектепте, мекемелерде сөзсүз бирден топ болот эле. Ошондо беш жүзгө жакын аты чыгып калган ансамбль болгон. Анын ичинде бир эле жалаң кыздардан турган «Кыз Бурак» ансамбли болчу. Мына ошол ансамблдер да коомдун агымы менен акырындан жоюла баштаган. Себеби ар бир топко катышкан адамдын бала-чакасы бар. Аларды союз таркагандан кийин багуу керек болуп калган. Биз да тарап кетишибиз мүмкүн эле. Бирок кичинекейимден соода-сатыкка жакын болуп, акча адамдын жашоосундагы эң башкы курал экенин мектеп убакта эле билдим. Адамдар ошол учурда үчкө-төрткө бөлүнүп кетишти. Ошолордун азыраак эле бөлүгү бизнес жагын өздөштүрүп кетти. Алар арзан жерден дүңүнөн товар алып, башка бир жерде кымбатыраак кылып саткан. Мен да ошолордун катарына кошулдум. Чек ара жабылгыча Өзбекстандан бензин, суу май алып чыгып сатып жүрдүм. Түшкөн каражаттын баарын «Кыз Бурактагы» кыздардын кийимине, аппаратурасын жаңылоого колдондук. 1993-1994-жылдары кыйынчылык убактагы келген Айжамал, Кенже, Гүлнара, Асел жана артта турган беш кызым болгон. Эгер ошол учурда андай аракетке барбаганымда «Кыз Бурактан» бүтүндөй кол жууп калмакмын. Биз колдонгон аппаратураны жок дегенде эки жылда бир жолу жаңылап турабыз. Кийинчерээк Кочкор-Ата, Майлуу-Сууда немис, орус балдар чет өлкөдөн музыкалык аспаптарды алат эле, биз да ошолорго дайындап алдырат элек. Ошондуктан биздин аспаптар сапаттуу болуп, «Кыз Бурактын» өсүп-өнүгүшүнө таасирин тийгизе алды.

Андан тышкары бир нече фабрика-заводдун иши токтоп калган. Анан жанагы айткан чакан соодагерлер жумуш кыла баштады. Ошондогу бир окуяны айтып берейин. «Кыз Бурак» тобу кездеме чыгарган жерде жумуш кылабыз. Бир күн директорго кирип, «Мага төрт «Камаз» кездеме керек», — дедим. Ал кишинин оозу ачыла таң калып, «Эмне кыласың анча кездемени?», — деп сурады. Мен: «Түрктөр келиптир, ошолорго сатабыз», — дедим. Канчага сатарымды деле билбепмин. Кийин аралашып жүрүп, бизнестин көзүн таптым. Саткандан кийин канча сом экенин деле эсептебепмин, чакан төрт кутуча толо акча болгону гана эсимде.

— Алгачкы эмгек акыңыз ошол болгонбу?

— Жок, алгачкы жолу педагогикалык окуу жайды бүтүп барып иштегенде 80 сом айлык алгам. Сүйүнүчүм койнума батпай, дароо эле билет алып, үйдөгүлөргө мактанганы жөнөгөм. Кирип эле «Силерге биринчи айлыгымды алып келдим», — деп кудуңдадым. Ата-энем сүйүнгөнүнөн ыйлап, жалынып-жалбарып, «өзүң иштетпейт белең» дешкен.

Ошентип баягы төрт кутучанын бирөөсүн директорго алып келип бердим. Акчаны көрүп эле чочуп кетти. Ошондон кийин «бизнес кылса болот турбайбы» деп көзүм жете баштаган. Анан токтоп турган заводдордон товар алып, Өзбекстанга сатууга өткөм. Ошол боюнча кеткенимде аябай чоң ишкер айымдардын катарын толуктамакмын. Бирок бизнеске өтө катуу шыгым бар экенин билип турсам да, «Кыз Бураксыз» жашай албасымды билдим. Тутамдап акча кармай турганымды билсем да, кийин бүтүндөй чыгармачылыкка кайтып келдим.

— Жакында интернетте бир актёрдун «Оскар» сыйлыгын алып жатып, «бул сыйлыкты апама арнадым» дегенин көрдүк. Кичинекейиңизден кыялданган ийгиликке жеткениңизде кимге арнагыңыз келген?

— Чынында бул иштерди баштаганда «бир нерсеге жетейин, наам алайын» деген деле эмесмин. Наам бар экенин да кийинчерээк билдим. Эл кол чапса эле ошондон энергия алып, кийинкиде да жакшы ырларды чыгарууну көздөп жашаптырбыз. Изденип, эмгектенип жатып эле атак-даңк өзү келиптир. Токон Мамытов бир жолу: «Наамга аракет кылбайсыңбы?» — деп калды. Менин ал жөнүндө такыр түшүнүгүм жок. Документтерди чогултушум керектигин айтып берди. Белгилүү убакыттан кийин аны да унутуп калдым.

1996-жылы Таласта Аскар Акаев менен жубайы катышкан иш-чара болуп, биз эң акырында чыктык. Президент мурдагы чыккандарга олуттуу карап отурган экен. Биздин кыздар чыкканда жанданып, оңдонуп калды. Ырдап-бийлеп бүткөндөн кийин ордунан туруп келип, кыздардын колунан кармап, «Азаматтар, сонун ырдадыңар», — деген алкоо сөздөрүн айтты. Анан «Сиздердин топ дагы эле бар турбайбы, кандай наамы бар?» — деп сурады. «Эч кандай наамы жок», — десем, «Ушунча жылдан бери мындай топту жетектеп турсаңыз, наам берилиши керек», — деп аты-жөнүмдү жазып алып кетти. Ошол жылдары катуу ооруп, ооруканага жатып калгам. Ал жерден «Сизге наам берилиптир, барып алышыңыз керек», — деп сүйүнчүлөштү. Оштогу драмтеатрга ооруганыма карабай алып барышып, ошондо биринчи жолу «эмгек сиңирген артист» деген наамды Акаевдин колунан алгам.

— Быйыл 70 жылдык маарекеңиз экен. Эгер артка жылдырып койсо, кайра эле ушул чыгармачылыкты тандайт белеңиз? Же кесибиңизди өзгөртүп, өзүңүздү башка жактан сынап көрмөксүзбү?

— Биринчиден, бардык нерсе Кудай пландагандай болот экен. Экинчиден, мага мүмкүнчүлүк бериле турган болсо, кайра эле ушул басып өткөн жолумду тандамакмын. Кудайга шүгүр, эч кандай жаман иш кылган жокпуз. Чынын айтканда, жүрөк жаш бойдон тура берет экен. Бирок өмүр өзүнүн ала турган нерселерин алып, андан ары жашоо уланып кете берет тура. Мен үчүн артка кылчайганда, өмүр бир эшиктен кирип, кайра бир эшигинен сыртка чыккандай эле туюлуп турат. Ал эми эмгегиңе, баскан жолуңа кайрылганда башкача сезимдер пайда болот.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM