Биз менен байланышыңыз

Касаболотов: Оюма койсо, орус тилинин расмий макамын алып салат элем

Блог , Пикирлер | 1 Янв 2024 | 1001 | 0

Акын, котормочу, аналитик-журналист Жыргалбек Касаболотов «Маралдын» «Баарын сүйлөшөбүз» программасында коомдо болуп жаткан курч маселелер, адабияттагы алешемдиктер, учурдагы кыргыз тилинин абалы ж.б. темада кенен маектешти.

— Жыргалбек агай, Узакбай Абдукаимов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушуңуз менен куттуктайм! Ушул сыйлык тууралуу айта кетсеңиз?

— Ырахмат! Узакбай Абдукаимов атындагы адабий сыйлык көркөм котормо менен алектенгендерге берилет экен. Бул нерсе жаңыдан уюштурулуптур. Абдукаимов жазуучу, котормочу эле эмес, жарандык позициясын билдирип, коомдук талкууларда да аты чыгып турган адам болгон. Анын атындагы сыйлыкты алуу мен үчүн чоң сыймык!

— Буга чейин «Алтын калем» улуттук сыйлыгын журналист катары алган экенсиз. Ал эми адабий сыйлыгы 2021-жылдан тарта бериле баштаптыр. Быйыл ушул сыйлыктын лауреаттарынын биринин чыгармасы плагиат аталып, кызуу талкуу жаратты. Адабиятта плагиатка кантип бөгөт койсо болот? Сыйлык ыйгарган комиссиянын курамына да реформа жасалышы керекпи?

 — Менимче, плагиатты коммисиянын текшериши аябай кыйын. Себеби өтө көп өлчөмдөгү материалдар келип түшөт. Буга чектөө коюу керек же кабыл алып жаткан процесстин өзүндө эле антиплагиатка коюп, текшерип көрүү керек. Анан ошондон өткөнүн кабыл алса, мунун айланасындагы чырлар азыраак болот го деп ойлойм. Негизи илимде да антиплагиат деген нерсе бар. Азыркы учурда жасалма интеллектке да туура тапшырма берсе, чыгарып бериши мүмкүн. Бирок коммисиянын текшериши кыйын.

— Азыркы тапта дүйнөлүк бестселлер деген китептер да кыргызчага которулуп жатат. Китеп дүкөндөр да мурункуга салыштырмалуу көп ачыла баштады. Кыргыз окурмандарынын табити кайсыл жакка ооп жатат? Негизи эле китеп окуу маданиятыбызда өзгөрүүлөр барбы?

 — Негизи кыргыз окурмандарынын көпчүлүгү интернетке эле ооп баратат окшойт. Себеби маалыматтын көбү интернетте да. Сырттан билдирүү канчалык көп келсе, мээнин кабыл алышы кыйын болуп калат. Адамдардын мээсине күнүмдүк маалымат батпай калууда. Ал эми котормо боюнча мамлекетке атайын «Ар бир элчилик менен сүйлөшүп, уюштуруу милдетин Маданият министрлиги алса» деген стратегияны сунуш кылгам. Бул боюнча макала да чыккан. Бир элчиликке ар бир элдин жок дегенде экиден китебин алып чыгарып коюу кыйын деле эмес. Ошону менен биздин адабият казынабыз акырындап толо бермек. Бул бир четинен адабият казынабызды байытса, экинчи жагынан тил жаатында болгон көз карандылыгыбыздан арылтат.

Андан тышкары азыркы китептердин кандай которулуп жатканын билбейм, бирок жакшы каржыланып жатат. Анткени лидерлер боюнча ошол өлкөнүн өкүлчүлүктөрү басып чыгарууга кызыкчылыгы бар. Анан өзүн өнүктүрүү, бизнес жаатындагы китептерди сатууга китеп дүкөндөрдүн кызыкчылыгы бар. Себеби коом ошону талап кылып жатат. Бирок дагы эле жакшы нерселерди которуп чыга элекпиз. Мисалы, дүйнө элдеринин жомокторун, белгилүү чыгармаларды. Ал китептер которулгандан кийин текшерип чыгуу үчүн ошол тилди жакшы билген адамдын жоктугу аксатып жатат. Мен сунушумда «элчиликтердин өздөрү котормочуларды атайын тандап алса» дегем. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, эгемен өлкө болгонубуздан кийин ушул жолго барышыбыз керек. Жаныбызда турган Кытайды билбей туруп, тээ Европаны көбүрөөк билгенибиз — бир аз маанисиз.

— Агай, эми коомдогу актуалдуу темаларды талкууласак. Бишкекте экинчи ирет Элдик курултай өттү. Жеке пикириңизде, бул жолкусу кандай болду? «Улуттук кызыкчылыктарды коргогон аянтча болот» деген максатына карай кетип жатышабы?

 — Мен билгенден, азырынча андай болбой эле. Негизи мунун тарыхына келсек, курултайларда чоң маселелер күн тартибине коюлуп, ошолор чечилип келген. Биз эгемендик алгандан кийин бул институтту жандандырганга аракеттер болгон. Бирок оппозициячыл, бийликчил партиялар өздөрүнүкүн өткөрө беришип, кадырын кетирип алышты. Жок дегенде Конституцияга кеңеш берүүчү орган катары киргени — кичине болсо да жылыш. Мунун форматын башкача кылуу керек. Ар бир өкүлгө «айылыңардагы көйгөйлөрдү айта кеткиле» дегенден эч нерсе чечилбейт.

Азыр да күн тартибинде чечилиши керек болгон конкреттүү маселенин коюлганын көргөн жокмун. Чынын айтканда, улуттук кызыкчылыктарга түздөн-түз тиешелүү, азыр чечпесе болбой турган маселелерге тиешелүү адамдарды тандап келип катыштыруу керек. Анан «менин малым багылбай калды, ушуну өкмөт чечип бериши керек» дегенден эч нерсе өзгөрбөйт. Улуттук кызыкчылык дегенде: чек ара, тил, улуттук маданият, коопсуздук, экономикалык багыт, тышкы саясат сыяктуу маселелерди ошол жерде чечсе болот. Керек болсо, анын жоопкерчилигин элге кошо тарттырып, «баш тарта турган болсок, башка варианттарга да даярбыз» деген жоопкерчиликти берүү керек. Ошол нерселерге таянып алса, бийликтин өзүнө да жеңил болмок.

— Улуттук кызыкчылык демекчи, тууну өзгөртүү  маселеси да Элдик курултайда каралышы керек беле? Негизи эле өзгөртүүгө зарылчылык бар беле?

 — Илгери туу кабыл алынганда Күн нурларынын ийрейип калганына каршы чыккандардын катарында мен да бар болчумун. Бирок андан бери канча убакыт өттү. Улам-улам өзгөртө берүү жакшы эмес. Эгерде түздөй турган болсо, ошол кезде түздөшүбүз керек эле. Бул желек эл аралык деңгээлде желбиреп келе жатат. Анан эң негизгиси, бул анчалык эле шашылыш карай турган актуалдуу маселе эмес болчу. Андан маанилүү маселелерди чечүү туурараак болмок.

— Буга чейин демилгечилер «нурун түздөө керек» деп чыгышты. Бирок көпчүлүк ынанган жок. Эл ичинде «жаңы резиденция бүтсө, жаңы туу көтөрүү керек» деген божомолдор кетти. Негизи эле буга чейин кыргыз саясатында ушундай ырым-жырымга ишенүү өзүн актаганбы? Канчалык деңгээлде туура?

 — Мындайда азыраак, анан көбүрөөк көңүл бура турган нерселер болот. Ошол жагынан алганда символдордун мааниси чоң, бирок ошонун өзөгүн да билүү керек. Мисалы, мен өткөндө «Манастын уулу Семетей» киносун тартууга каршы макала жазып чыктым. Мурда кыргыздарда Манас деген ысым коюлган эмес. Кийинчерээк бул салт бузулуп кеткен. Себеби ыйык нерсеге ыйык мамиле кылуу керек. Андай чоң темага киришерден мурун кичи эпосторду же кыргыз жомокторун тартып алып, анан ал жакка өтүшүбүз керек деп ойлойм. «Манас» өзөгүндө кандай болсо, ошол бойдон сакталып калышы керек» деген пикиримди айткам.

— Сиздер мындан беш жылча мурун улуттук платформа түзүп чыккансыздар, улуттук кызыкчылыкты коргоого бел байлагандарды топтоо аракети болгон. Бул иштин уландысы кандай болду?

 — Бул иштер ошол платформаны кабыл алган адамдардын жүрөгүндө калды. Алар азыр кайсы жерде болбосун, ошол нерселерди сунуш кылып айтып келе жатышат. Бирок андан ары жылган жок.

Азыр Кыргызстан үч чоң күчтүн өтө чоң таасири астында турат:

  1. Орусиянын үч деңгээлдеги таасири: миграция, күйүүчү май, тил жана маалымат;
  2.  диндин таасири: бул улуттук баалуулуктардан үстөмдүк кылып келе жатат;
  3. бизнес чөйрөгө жана чоң шаарларга Батыштын тийгизген таасири.

Кыргызстан ошол үч таасирдин астында калып, улутчулдар азчылык кылып жатат. Азыр социалдык иликтөө жүргүзө турган болсок, менин оюмча улуттук иденттүүлүктү жогору койгондор мурункудан азыраак болуп калышы мүмкүн.

-Быйыл жайда орусиялык изилдөөчү Виктор Козодой «Сибир кыргыздарынын ханы – Эренек» деген эмгегин жарыялады. Китептин бет ачары Бишкекте да өттү. Азыркы тапта ошол китептин айланасында талкуу жүрүп жатат. Айрымдары: «Бул — кыргыздарды түрк тилдүү элдерден бөлүп кароо үчүн жасалган атайын диверсия», — дешсе, дагы бир тарабы: «Мына биз эң байыркы улуу эл экенбиз, эмнеге биздин тарыхчылар ушундай маалыматтарды изилдебейт?» — деп жатышат. Дагы бирөөлөрү: «Сибир кыргыздарын буга чейин да бир нече окумуштуу изилдеген. Биз качан гана орустар айтканда ишенебиз», — деп сындап жатышат. Негизи эле ушундай тарыхый изилдөөлөрдүн чыгышы бизге канчалык маанилүү?

 — Мен адегенде эмнени окуганымды жана окубаганымды айтайын. Виктор Козодойдун китебин окуган жокмун, бирок ал жөнүндө жазылган макалаларды толугу менен окудум. Кайсыл эл менен союздаш болуп жатсак да, биздин байыркы эл экенибизди далилдеп жаткан илимий эмгектин баары — баалуу. Негизи дүйнө тарыхында «түрк тилдүү мамлекеттер» деп кабыл алынып калган. Чындыгына келгенде, кыргыздар алда канча байыркы эл экени көрүнүп эле жатпайбы. Ошондуктан ал терминдин өзү да талаштуу. Болгону тектеш, тил жагынан жакын экенибиз, азыр да жакындашыбыз керектигин танбайбыз. Тарых саясаттын шайманы болуп келгенин да билебиз.

Кандай эмгек чыкса да, аны толук окуп, башка маалымат булактары менен салыштырып, кайсынысы кыргыздын улуттук баалуулуктарына туура келерин бөлүп карап алабыз. Биздин бардык тармактар улуттук кызыкчылыктарыбызга кызмат кылышы керек. Негизги стратегиялык тармактар: билим, маданият жана тарбия. Ушул нерселер биздин ким болуп чыгарыбызды жана мамлекетке кандай мамиледе экендибизди аныктайт.

— Буга чейинки маектериңиздин биринде «Социалдык тармактар элге сөз эркиндигин берди, бирок кесипкөй журналистиканы аксатты» дегендей пикир айттыңыз эле. Азыркы тапта дүйнөдө кесипкөй журналистиканы сактап калуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө. Кыргыз журналисттери дагы эмнелерге даяр болушубуз керек? Кайсы көндүмдөрдү өнүктүрүү зарыл?

 — Социалдык тармактар мындан ары да күчөйт. Маалымат берүүчү менен аудиториянын ортосундагы так чекитти жок кылды. Журналистиканы бизнестин элементи катары жок кылып койду. Себеби маалымат берип, аны сатып, ошонун эсебинен күн көрчү. Азыр текшерип, форматка салып чыгаргыча каалаган бир киши тартып чыгарып койсо, ал көбүрөөк көрүү чогултуп жатат. Мындай учурда маалымат берүүчүлөрдүн фрагментациясы же кайсы бир мамлекеттердин же күчтөрдүн идеологиясын жүргүзө турган, ошолор тарабынан каржыланган маалымат каражаттардын орду күчөйт. Алар дагы өз кезегинде социалдык баракчаларды колдонушат.

— Азыркы тапта «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясынын негизинде «бардык аталыштар латын арибинде эмес, кирилл арибинде жазылсын» деген талап коюлуп жатат. Бирок бул аракетти ишкерлер сынга алууда… 

— Эгерде менин оюма койсо, орус тилинин расмий макамын алып салат элем. Анткени өзүм изилдеп чыктым. Бул укуктук жактан да, практикалык жактан да кыргыз тилинин кызыкчылыктарын «жөөлөп» турат экен. Менчигинин түрүнө карабай, бардык мекеме бардык жаранды кыргыз тилинде тейлеши керек. Эгер айылдан бирөө орус тилин билбей келип, бирөөнөн соода кылса, ал сатуучу кыргыз тилин билбесе, берки адамдын укугун тебелегендик болот. Президенттин мамлекеттик тил боюнча кабыл алган мыйзамы алдыга жылыш катары эсептелет. Бирок улут аралык тил катары кайра эле орус тили каралган. Ошондуктан экөөнү жөөлөштүрбөй, бир эле тилди кабыл алганыбыз жакшы.

— Бирок азыр мамлекеттик окуу жайлардын баарында орус тилинде сабак берилип жатпайбы?

— Ооба. Бир эле орус тилинде окутулбай, кыргыз тилдүүлөргө арналган китептер да биринчи орус тилдүү авторлор тарабынан жазылып, анан кыргызчага которулуп жатат. Жадагалса, шайлоого катышам деген талапкер өзү ойлогон мыйзамды кыргызча жазып көрүп, анан талапкерлигин койсо болот. Болбосо, биздин мыйзамдардын көпчүлүгү көчүрүлүп, кээ бир жеринде «Россия Федерациясы» дегенин өчүргөндү унутуп калып жатышпайбы.

— Жыргалбек агай, Украинада согуш башталганда андан ала турган сабактарды жазгансыз. Бул согуш азыркы тапта да аяктай элек. Анан азыр дүйнөнүн көңүлүн бурган Израиль менен Палестинанын ортосунда да согуш болуп жатат. Биз бул окуялардан кандай сабак алышыбыз керек же сабак алып жатабызбы?

— Сабак алып же албай жатканыбыз азырынча билинбейт. Биринчиден, эгемен мамлекетти коргоп, чек араны чечип албасак, кандай болорун аңдашыбыз керек. Бир нерсеге макул болуп чегинсек, кийинки жолу каршылаш тарап эмнеге барат, ошолордун баарына көңүл буруп, жыйынтык чыгарган жакшы.

Мисалы, Украинада жикчилдик маселесинен сенин өлкөңдө азчылык улут турса, анын интеграцияланышы өлкө менен эмес, ар жак менен болсо, өтө чоң коркунуч. Мындай көрүнүш 2010-жылы бизде да болгон. Мүмкүн болушунча, азчылык улут болгон жактарга интеграциялашы керек. Анан маалымат тарабын да карап коюу зарыл. Анткени Украина согуш болгондон кийин гана Орусиянын телеканалдарына тыюу салып койду. Тышкы пропаганданын күчү да таасир этет.

Ал эми Израиль менен Палестинаны алсак, биринчи Израиль жаңыдан барып, кичине эле жерди сатып алып, мамлекет түзүү иштери башталган. «Эми эмне болмок эле?» деген араптар бир топ жерин сатып жиберген. Ошонун азабын эми тартып жатышат. Израиль тарап коопсуздук үчүн бардык нерсеге барат, бирок бирөөнө да комментарий бербейт.

Биз болсо милдеттүүдөй дүйнөнүн баарына комментарий беребиз. Биздин коопсуздук жагында кылып жаткан аракеттерибиз эч кимге белгисиз болушу зарыл. Анын натыйжасы гана көрүнүп, каршы тарапка ура турган соккубуз күтүүсүз болушу керек. Бул мактана турган эмес, мамлекеттик сыр болсо жакшы. Ошондуктан улуттук жактан эгоист болуп, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлошубуз керек.  Биз жерлерди канчалык көп алсак, ошончолук жакшы, берсек жаман.

-Сиз акыркы жылдары Түркияда жашап жүрдүңүз, ал жактан отуруп караганда Кыргызстандагы коомдук-саясий турмуш кандай көрүнөт? Чет жакта жашаган сиздин чыгармачылыкка кандай таасир берип жатат?

— Салыштыра турган аябай көп нерселер бар. Бир эле маданий туризм тармагын кантип өнүктүрүп жатканын айтайын. Бизди маданий жактан көрсөтө турган көп нерселерибиз бар. Ал нерселердин баасын, баркын билбейбиз. Ал жакта кичинекей нерсени да туризмдин негизине айлантып алышкан. Француз жазуучусу Стамбулга саякаттап келип, түрк кызын сүйүп, ага арнап роман жазган экен. Аны түрктөр өзүнчө брендге айлантып, акча таап жатышат.

Мен бир кафеде болдум. Ал жерге жалаң акындар келет экен. Менюнун 1-2-бетинде тамактардын аттары, калган беттеринде ырлар жазылган. Кардарлар келип чайын ичип, ырлардан окуп кете берет экен. Андан тышкары музейлер абдан көп. Ал жердин жарандарына атайын арзандатылган карталарды ачтырып коюптур. Кымбаттыгына карап барбай койгонго караганда, элдер ошол арзандатууга карап бара берет экен.

Менин оюм боюнча, бул нерсени Кыргызстанда да кылса болот. Таласта Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылына атайын музей ачып, ал жерге кыргыз тилиндеги эмес, чет тилдериндеги китептерин коюу керек. Ал адам эмнелерди колдонгон бүт баарын ал жерге койсо жакшы болмок. Биз үчүн азыр ал жер жөн эле айыл болуп турат.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM