Биз менен байланышыңыз

«Күйүп жаткан үйүмдү көргөндөгү абалымды сөз менен айтып жеткизе албаймын» (видео)

Видео | 20 Сен 2022 | 12242 | 0

Кара-Бак айылынын күн чыгыш тарабында Тажикстандын Ляккан айылы менен чектешкен жерде Шамшидин Жарматов жашайт. Анын үйү чек ара сызыгына өтө жакын жерде жайгашкан. Шамшидин Жарматов 16-сентябрдагы куралдуу кол салууда кантип үй-бүлөсүн куткарганын «Маралга» айтып берди.

«Бул көчөдө биринчи эле менин үйүм жайгашкан. 16-сентябрь күнү эрте менен саат алты чамасында туруп, мал-жандыктарды карап жүргөндө октун үнү угулуп калды. Мен дароо эле реакция кылып, үйдөгү балдарымды тургузуп абал жакшы эмес экенин түшүндүрдүм. Биз өзүбүз чек арада жашаган соң керектүү документтерди даяр кылып койгонбуз. Дароо бала-чакамды алып, Бужумга эжемдин үйүнө алып бардым. Кызым балдары менен ооруканада болчу, аларды чыгарып Баткенге барсам коңушулар мен тараптан эки үй өрттөнүп жатканын, бирок кимдики экенин билбейбиз деп айтышты.

Мен дароо эле билдим, менин үйүмө түшсө керек деп. Себеби жогоруда айткандай көчөнүн башында эле менин үйүм жайгашкан. Аны угуп эле Баткенден айылга келсем үйүм күйүп, чек ара кызматындагылар ушул жерде экен. Күйүп жаткан үйүмдү көргөндө аябай башкача болдум, аны сөз менен айтып жеткизе албаймын. Бирок баары Аллахтын буйругу экен.

Буга чейин майда нерселер болуп келген, 16-сентябрдан бир күн мурун бир окуя болду. Жумуштан келсем келинчегим кызым менен дарбазанын алдынан чуркап ыйлап чыгып калды. Айткандарына караганда кызым эшиктин алдына суу чачып жатса, тажиктин аскерлери жаман сөздөрдү айтып, терс көрүнүштөрдү көрсөтүшкөн. Мен бул нерсеге чыдай албай айыл өкмөтүнө, андан ары чек ара кызматына билдирдим. Ошондон кийин биздин чек ара кызматкерлери, тажик чек арасынан келип өз ара сүйлөшүүлөр болду. Мени чакырып мындан ары тажик аскерлери бул тарапка келбейт, тынч жашай бересиздер деп айткан.

Азыр үйүмдө эчтеке калган жок, баары күйүп күлгө айланды. Болгон байлыгым ушул үйдүн ичинде болчу. Бирок эң башкысы бала-чакам аман-эсен. Бул жер ата-бабам жашап өткөн жер, чек ара болсо да бул жерден кетпеймин…».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM