Биз менен байланышыңыз

Кара-Бак: Аскерлерге күнүнө 1500 нан жапкан наабайчы Замир (видео)

Видео | 20 Сен 2022 | 9192 | 0

Баткен районунун Кара-Бак айылы күн чыгыш тарабынан Тажик Республикасынын Заккан айылы менен чектеш жайгашкан. Айыл облус борборунан 14 чакырым алыстыкта жайгашкан Бул жакта жашаган тургундардын айтмында, тажик тарап 16-сентябрда миномёт менен ата башташкан. Кийин тургундар Баткен шаарына эвакуацияланган.

Абал турукташты дегенди угуп, айылдагы эркектер акырындан үйлөрүнө кайта баштаган.. Алардын катарында Жолчу уулу Замир да бар. Анын айтымында, айыл тургундары өз кесибине ылайыктап, колунан келген жардамын берип жаткан учуру.

Замир Жолчу уулу өз каалоосу менен менен кызмат кылып жатканын айтты:

Мамлекет, элден каражат топтолуп нанды өзүбүздүн айылдын элине бекер берип, аскер кызматкерлерине токтоосуз жеткизип берүүдөбүз. Бул жерде баары колунан келишинче, аскер кызматын өтөгөндөр аскерлерге жардам берип, биз наабайчылар жумушубузду өз ыктыярыбыз менен кылып жатабыз. Токтоосуз түрдө жумушубузду улантып, күнүнө 1000-1500дөн нан жасалууда.

Унду алып бергенге демөөрчүүлөр, наабайкананын ээлери да колунан келишинче көмөк көрсөтүүдө. Бул жерде баарыбыз аскердей эле болуп калдык”.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде тажик тараптан ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин 5 аймагынан ок чыгарышкан. 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн. Бирок 16-сентябрда таңкы саат 6:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Акыркы кол салуусу үч күнгө созулуп, тажик тарап оор бронетехниканы, реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын «тирүү» калкан катары колдонгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM