Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кыргыз милициясынын күнү белгиленди

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 725 | 0

Ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын күнүн белгиледи. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кыргыз милициясынын 94-жылдыгы менен, кесиптик майрамдары менен куттуктады. Андан соң милиция кызматкерлерине сыйлык ыйгарып, курман болгондордун туугандарына акчалай жардам берди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президенттин атынан куттуктап, 10 милиция кызматкерине мамлекеттик сыйлык тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчынын атынан 5 кызматкер, ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан 7 кызматкер сыйланды.

Андан соң ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлерине майрамдык кече уюштурулду.

 

Copyright © 2017 Maral FM