Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Орусияга иш сапары менен барды

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 303 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиянын Новосибирск облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимовдор бар.

Сапардын алкагында төрага Талант Мамытов Новосибирск облусунун губернатору жана аталган аймактагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат.

Андан аркы сапар Алтай Республикасында уланат.

Copyright © 2017 Maral FM