Биз менен байланышыңыз

Мамытовдун шайлоодон четтетилишинин түрдүү себептери

Саясат | 25 Окт 2021 | 1340 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Талант Мамытов чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазды. Коомчулукта бул окуя кызуу талкууга алынып, БШКнын чечимин колдогондор арбын. Ошол эле Талант Мамытовдун башка кызматка барышы мүмкүн экени айтылууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылды. Мыйзам боюнча жогорку кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленип, БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоп берди.

Талант Мамытов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясынын тизмесинде барары буга чейин белгилүү болгон.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Талант Мамытов боюнча чечимди мыйзамдуу деп эсептейт. Анын айтымында, мыйзамда «саясий мамлекеттик кызматтагылар талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот» деген талап бар.

«Мыйзам боюнча «саясий мамлекеттик кызматтагылар талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот» деген талап бар. Ал эми төраганын кызматы саясий мамлекеттик кызматка кирет. Ошондуктан ал киши ордун бошотуп бериши керек болчу. Анын эмне себептен бошотуп бербегени башка маселе. Төраганын кызмат орду өзү саясий мамлекеттик кызмат. Мамлекеттик кызматтар боюнча реестр бар өзүнчө, ошол жерде төрага мамлекеттик кызмат болуп эсептелинет. А депутаттар башка маселе».

Ал эми «Ынтымак» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев БШК шашылыш чечим кабыл алып, анын корутундусун партияга берүүдө кечеңдетип жатканын, алдыда юридикалык жактан керектүү бардык кадамдар жасала турганын билдирди.

«Талант Мамытовдун партиядагы ордун сактап калууга бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени баары мыйзам чегинде болгон. Болгону азырынча кандайдыр бир оюндар болду деп эсептейбиз. Азыр биздин өкүлүбүз чечимди ала албай эртең менен 8:30дан бери БШКда отурат. Эң өкүнүчтүүсү, БШК кечээ шашылыш түрдө, эч кимге айтпай чечим чыгарып коюшуп, чечимдин корутундусун бербей жатканы оюндун уландысы деп айтат элем. Биз эми юридикалык жактан керектүү бардык кадамдарды жасайбыз».

«Ынтымак» партиясынын «Фейсбук» баракчасына партиянын БШКдагы өкүлү Ильзат Аймухамедов БШКнын отурумунун убактысы боюнча кабар албаганын жазды.

Ильзат Аймухамедовдун айтымында, БШК аны партияга түздөн-түз тиешеси бар маселелер боюнча жыйынга катыштырбоо үчүн алдын ала бардык аракеттерди атайылап жасаган.

«24-октябрда, жекшемби күнү саат 16:13тө мага 0312-62 08 27 телефон номери аркылуу чалышып, ошол эле күнү саат 18:30да БШКда партия талапкерлеринин тизмесин каттоо маселеси боюнча отурум пландаштырылганын кабарлашкан. Анан эле саат 16:44тө ошол эле номерден дагы чалуу келип, отурум саат 17:00гө жылдырылганы кабарланган. Мындан тышкары 23-октябрда БШК төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев жолугушуу учурунда Нуржан Шайлдабекованын жумушчу сапар менен кетишине байланыштуу кийинки жолугушуу 26-октябрга пландалганын айтты».

Талант Мамытовдун кызмат орду — бийликтеги жогорку төрт бутактын бир бутагы. Андан тышкары президент Садыр Жапаровдун жакын кишилеринин бири экени да айтылып келет.

Ал жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан №2 орунда катышкан. Анда да партия катталуудан кечигип калды деген негиз менен шайлоодон четтетилген. Бирок алар соттон утуп алып, шайлоого катышкан. Талант Мамытов аталган окуяда партия лидери Канатбек Исаев менен БШКга чогуу келип, партиянын таламын талашып жүргөн.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек былтыркы шайлоо алдындагы сценарий кайрадан кайталанып жатканын айтып: «Азыркы бийлик шайлоону адилеттүү өткөрүүгө ишендирүү үчүн элди бүдөмүк ойлорго жетелей турган аракеттерди жасабашы керек болчу» деп эсептейт.

Ошондой эле анын пикиринде, БШКнын Талант Мамытов боюнча чечиминде бир канча себептери болушу мүмкүн.

«Биринчиси, соттон утуп чыгып, былтыркыдай эч нерсе болбогон сыяктуу уланта берет. Экинчиси, бийлик «мыйзам бузууда керек болсо биз өзүбүздүн досубузду да аябайбыз» деген ойду бергиси, башында өздөрүнө артыкчылык алгысы келип жатат. Кийинкиси, укук бузууларга эч кандай реакция көрсөтпөй, бирөө айтса, «мына көрдүңөрбү, биз деген мындай кылганбыз, силердин айтканыңар суу кечпейт» деген таризде жасап жатышы мүмкүн. Үчүнчүсү, чын эле булар «бийликтин партиясыбыз» деген партияларды катыштырбай, шайлоону таза өткөрүү ниети болушу мүмкүн. Бирок эң коопту болгону былтыркыга окшогон көрүнүшөрдүн, агитация баштала электе бардык этаптарында көрүнгөнү да. Мына каттоодо, талапкерлерди көрсөтүүдө былтыркы эле сценарий кайталанып, «бийликтин атынан баратам» деп айтып жатышат. Бардык эле нерсе былтыркыга окшоп эле кетип бара жатат. Бизде качан бийлик шайлоону адилетсиз өткөрөм, админресурс колдоном» деп айтчу эле. Бардык эле президенттер шайлоону адилеттүү өткөрөм дейт. Бирок жыйынтыктары белгилүү». 

Ошондой эле Руслан Акматбек бул шайоодо өзгөрүү болоруна ишенерин, шайлоо дагы былтыркыдай өтө турган болсо, анда эң коркунучтуусу, шайлоо институту жоюлуп, бул акыркы шайлоо болуп, эл такыр ишенбей калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан депутат болуп, 2011-2013-жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган. 2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына кайрадан депутат болуп шайланган. Ал эми өткөн жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланып, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM