Биз менен байланышыңыз

Эртең парламенттик делегация Орусияга расмий иш сапары менен барат

Кыска кабар | 20 Фев 2022 | 1575 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-февралда Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Талант Мамытовду өлкөсүнө келип кетүүгө чакырган.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө Талант Мамытов Орусия парламенти менен жолугушуп, ич ара кызматташтык, ЕАЭБтин алкагындагы бирдиктүү иш-аракет, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыш маселелерин талкуулайт.

Айрыкча миграция маселеси боюнча кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот. Мындан тышкары Кыргызстандын жүк ташуучуларынын оорчундуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы  Валентина Матвиенко менен да жолугушат. Ошондой эле Мамлекеттик Думадагы Кыргызстандын көргөзмөсү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде болушат.

Расмий делегациянын курамында Талант Мамытов — делегация башчысы, Улугбек Ормонов, Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Шарапаткан Мажитова, Чыңгыз Айдарбеков, Мирлан Самыйкожо жана Эльдар Сулаймановдор бар.

Copyright © 2017 Maral FM