Биз менен байланышыңыз

БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

Кыска кабар | 24 Окт 2021 | 7259 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду 28-ноябрда өтө турган шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул чечим БШКнын 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылды. Мыйзам боюнча жогору кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектигин белгиледи. БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоду.

Эскерте кетсек, Талант Мамытов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясынын тизмесинде барары белгилүү болгон.

Прокурор болгон, комуз чертет, кыргыз адабиятын жактырат. Мамытов тууралуу фактылар

Copyright © 2017 Maral FM