Биз менен байланышыңыз

Прокурор болгон, комуз чертет, кыргыз адабиятын жактырат. Мамытов тууралуу фактылар

Блог , Саясат | 4 Ноя 2020 | 1557 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеш өзүнө жаңы төрага шайлады. Депутат Талант Мамытов — акыркы бир ай ичиндеги төртүнчү төрага болду. Жакында президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырарын жарыялады. Эгер ал кызматын тапшырса, анда Талант Мамытов мыйзам боюнча өлкө башчынын милдетин аткарып калат. Төмөндө сиздерге жаңы төраганын биографиясы, депутаттык ишмердүүлүгү жана жеке жашоосундагы айрым фактыларды сунуштайбыз:

Биографиясы:

Мамытов Талант Турдумаматович — учурда 44 жашта. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Билими жогорку. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

2000-2009-жылдар аралыгында Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарынын райондорунда прокурор жана прокурордун жардамчысы катары эмгектенип келген.

Саясий карьерасы

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан депутат болгон. 2011-2013-жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган.


Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуштады


2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.

Быйыл, 2020-жылы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан талапкерлердин тизмесинде №2 орунда катышкан. «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү иштеринде партия лидери Канатбек Исаев менен БШКга чогуу келип, партиянын таламын да талашып жүргөн.

Чуулгандуу окуялары

Талант Мамытов 2012-жылы партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен биргеликте Ак үй алдында митинг өткөрүп, аягында Ташиев эмоцияга алдырып тосмодон ашып түшүүгө аракет кылган. Натыйжада Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, жана Садыр Жапаровго «бийликти күч менен басып алуу аракети» боюнча кылмыш иши козголуп, үчөө 1,5 жыл убактылуу кармоочу жайда отурган.

Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссияны жетектеген. Анда Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн доллар жана Матраимовдордун аты аталган болчу.

Жеке жашоосу жана хоббиси

Жогоруда белгилеп өткөндөй, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Партия үгүт иштери учурунда Мамытов тууралуу 15 кызыктуу факты жарыялаган болчу. Төмөндө сиздерге ошол фактыларды сунуштайбыз:

1. Көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүктөн, келечекте кыргыз элине жардам берерин жаш кезинен эле билген;

2. Аскердик жана тарыхый тасмалардан таасирленет;

3. Жубайы экөө төрт баланы тарбиялап келет, алар дагы атасы сыяктуу спорт менен машыгышат;

4. Сөзүнө турган адам;

5. «Жашоонун татаал жолунда кандай кырдаалга туш болуп калсаң да, эң негизгиси маанайыңды түшүрбө», — деген сөз менен өзүнө мотивация берип турат;

6. Адамдарын ак ниеттүүлүгүн жана чынчылдыгын жогору баалайт;

7. Касымалы Жантөшевдин «Каныбек» романы сыяктуу ата мекендик адабияттарды окуйт;

8. Кытай, Европа өлкөлөрүн жана АКШнын көп штаттарын кыдырган;

9. Өзүнүн ынтымактуу командасы менен 2010-жылкы окуяларда тартипти сактоого көмөктөшкөн;

10. Бош убактыларында үй-бүлөсү менен жаратылыш койнуна жана тоого чыгууну тандайт;

11. Студенттик жылдарында чыгыш уруш өнөрү менен машыккан, кийин өзүнүн спорттук залын ачып, машыктыруучу болуп эмгектенүүдө;

12. Жубайы даярдаган бешбармак жана палоону жакшы көрөт;

13. Комуз жана гитара чертет;

14. Жаш кезинен бери эле оор жумуштан коркпойт, мал багуу жана дыйканчылык менен алектенет;

Жогорку Кеңеш төрагалыкка Талант Мамытовду бекитти

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM