Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш төрагалыкка Талант Мамытовду бекитти

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 694 | 0
Сүрөт Дастанбек Каримов

Жогорку Кеңеш төрагалыкка Талант Мамытовду бекитти. 4-ноябрдагы жыйында анын талапкерлигин 100 депутат колдоду, каршы болгондор жок.

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер боюнча комитети Талант Мамытовдун талапкерлигин жактырган.

Парламенттин спикерлигине Мамытовдун талапкерлигин «Республика-Ата Журт» фракциясы көрсөттү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев президенттик шайлоого катыша турганын жарыялап, спикерлик кызматын тапшырды.

Талант Мамытов Ак үй имаратын оңдоо иштерин бүгүн баштай турганын айтты. Ошондой эле бийлик эл менен тыгыз иштешүүсү үчүн парламенттин имаратынын айланасындагы тосмолорду алып салуу керектигин билдирди. Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болгонун айтып, тез арада шарт түзүлүүсү керектигин кошумчалады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Анын милдетин аткаруу парламент төрагасы Канатбек Исаевге өткөн, ал андан баш тартып, премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтар Садыр Жапаровго жүктөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM