Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кармалган жарандар бошотулду

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 727 | 0

Чек арада кармалган жарандар бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, тактоо жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрү эл менен макулдашып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM