Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Орусияга иш сапары менен кетти

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 94 | 0

Президент Садыр Жапаров 7-майда Орусияга иш сапары менен кетти. Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат.

Кыргызстандан президент менен кошо министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барышты.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө президенттер “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат.

Бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM