Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Орусия кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 117 | 0

Казакстан ички рынокту камсыз кылуу үчүн 31-августка чейин кумшекер экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу казак өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чектөө эл аралык транзитке таасирин тийгизбейт, деп айтылат маалыматта.

Казакстандагы канттын запасы учурда 256 миң тоннага бааланып, жылына 500-550 миң тонна керектелет. Анын ичинде кампалардагы 136 миң тонна кант жана камыштын чийки заты жана 120 миң тонна орус кантын киргизүүгө квота бар.

Ошондой эле Казакстан ЕАЭБ алкагында жыл аягына чейин кайра иштетүү үчүн 300 миң тонна камыш сырьесун бажы алымысыз алып кирүүгө укуктуу.

Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Ербол Тасжуреков учурдагы запастар жаңы түшүмгө чейин жетиштүү экенин белгиледи. Ошондой эле Орусия менен жыл аягына чейин кантты жеткирүүгө квотаны 100 миң тоннага көбөйтүү мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.

Буга чейин 31-августка чейин кант экспортуна ушундай эле убактылуу тыюу салуу Орусия тарабынан киргизилген. Бул чара ички азык – түлүк рыногунун туруктуулугун колдоого багытталган.

Бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнө: Казакстанга 120 миң тонна, Кыргызстанга 28,5 миң тонна, Арменияга 28 миң тонна, Беларуска 5 миң тонна жеткирүүгө уруксат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM