Биз менен байланышыңыз

Казакстандык дипломаттын жубайы 10 жылдан бери зомбулукка кабылганын айтып чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2024 | 695 | 0

Казакстандык дипломаттын жубайы 10 жылдан бери жолдошу тарабынан зордук-зомбулукка кабылып келгени белгилүү болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.

Бул маалымат тууралуу казакстандык бейөкмөт уюмдардын бири баяндама жасаган. Анда Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген дипломат Сакен Мамаш жубайына зордук-зомбулук көрсөтүп келгени, 5-майда жубайынын бир тууган эжесине да кол көтөргөнү тууралуу айтылган. Дипломаттын жубайы аял укугун коргогон уюмдарга кайрылуу жазган.

«Мен Мамаш Карина Госмановна, БАЭдеги Казакстан элчилигинде кеңешчи болуп иштеген Мамаш Сакендин жубайымын. Мен 10 жылдан бери зомбулукка кабылып келгенимди жарыялайм. Мындан улам жолдошумду дипломат макамынан ажыратып, мага көрсөткөн бардык кордуктары үчүн камакка алынышын каалайм. Мен физикалык, эмоционалдык, экономикалык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгам», — деп айтылат баяндамада.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги БАЭдеги элчиликтин кеңешчиси Сакен Мамаш ыкчам түрдө өлкөгө чакыртылганын билдирди.

«Биз бул кызматкерди ыкчам түрдө Казакстанга чакыртып алдык. Алдыда бул тууралуу укук коргоо органдары иш алып барат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM