Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагы: Кармалган фуралар алмаштырылат

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 293 | 0

Баткен облусунун кире бериш аймагынан кармалган Тажикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери, тагыраак айтканда, 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган.

Бүгүн, 11-май күнү кармалган 3 фураны Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан.

Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM