Биз менен байланышыңыз

Орусияга бара тургандар ПЧР-тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүшү керек

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 812 | 0

Орусияга бара турган ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар «COVID-19суз саякаттоо» тиркемесинде ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын тастыкташы керек. Бул талап Орусия Керектөөчүлөрдү көзөмөлдөө кызматы тарабынан коюлган.

Бул эреже бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү экенин Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • «COVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесин смартфонуңузга AppStore же Google Playден жүктөп алыңыз.
  • Тиркемеде сунушталган тизмеден жакынкы лабораторияны тандаңыз, жолугушуу саатын белгилеп, паспортуңуз менен лабораторияга келиңиз.
  • Лабораторияда анкета толтуруңуз. Мобилдик тиркеме орнотулган телефон номерин көрсөтүп, тесттен өтүңүз.
  • Арызда көрсөтүлгөн QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеңиз.
  • Учуудан мурун тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын мобилдик тиркемеде бар экенин жана тесттин жыйынтыгынын мөөнөтү жарактуу экенин текшериңиз (ПЧР тесттин жыйынтыгы 72 саатка жарактуу болушу керек).
  • Учакка отурганда уюлдук телефонуңуздан тиркеме аркылуу QR-кодун көрсөтүңүз.

Copyright © 2017 Maral FM