Биз менен байланышыңыз

Ошто каралбай калган эс алуу жайы этнокомплекске айланат

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1565 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү «Достук» эс алуу багындагы курулуш иштерин көрдү. Көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этнокомплекске айланат.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын колго алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн жеке ишкерлерди инвестор катары тартып, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экендигин билдирди. «Достук» эс алуу жайы шаардын көркүнө дагы салым кошорун кошумчалады.

Жеке ишкер Санжар Толубаев эс алуу жайында боз үйлөр, музыкалык фонтандар, LED-экран коюлуп, шаар тургундары үчүн атайын отургучтар менен кооздолорун маалымдады. Ошондой эле этно стилинде болгондуктан улуттук музыкалар коюлуп, тамактануучу жайларда улуттук тамак-аштар боло тургандыгын айтты. Долбоор үч айдын ичинде бүтүп, шаардагы кооз эс алуу жайларынын катарын толуктайт.

Маалым болгондой, 5 жылга ижарага берилген жай жергиликтүү бюджетке жылына бир миллион сом которот.

Copyright © 2017 Maral FM