Биз менен байланышыңыз

Эми Жалал-Абад менен Наманган облустары кызматташат

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1168 | 0

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Наманган облусуна барды. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Наманган облусунун башчысы Шавкатжон Абдуразаков, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, аксакалдар жана облустагы Кыргыз маданий борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңири форматта өттү.

Анда Жалал-Абад жана Наманган областтарынын ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү, өлкө башчыларынын жолугушуусунан кийин кабыл алынган Жол картасында көрсөтүлгөн соода-экономикалык жана чек ара бекеттерин ачуу, эки элдин карым-катышын бекемдөө маселелери талкууланды.

2019-жылы Наманган облусу Кыргызстанга 102 млн долларлык товар экспорттогон.

Copyright © 2017 Maral FM