Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы эмдөө башталат. Коопсуздугуна кепилдик берилеби?

Кыска кабар , Маек , Пикирлер | 28 Мар 2021 | 6965 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы эртең, 29-мартта башталганы турат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, учурда республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуп-үйрөтүүлөр өтүп, даярдыктар жүрүүдө. Эмдөөдөн алгач кимдер жана кайсы аймактагылар өтөт, вакцинанын эффективдүүлүгүнө жана коопсуздугуна кепилдик берилеби? Бул суроолордун айланасында врач-иммунолог Бурул Асыкбекова менен маек курдук. 

Биринчи этапта Кытайдын SinoPharm вакцинасы пайдаланылат

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул эмдөө ыктыярдуу түрдө болуп, адамдар өз каалоосу менен гана алышат. Каалабагандар баш тартышса болот. Бирок азыркы күндө өлкөдө коронавирус оорусу күч алып, күндөн-күнгө өсүп жатат. Адамдарды ар кандай вирустук оорулардан сактоонун бирден бир жолу эмдөө болуп саналат. Ошондуктан вакцина жардам катары бекер берилип жатса, ошондуктан түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп, аны алыш керекпиз. Бул этапта Кытайдын SinoPharm вакцинасы пайдаланылат. Эмдөө толугу менен бекер жүргүзүлөт.

Алгач эмдөө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт

Биринчи эмдөө үч аймакта жүргүзүлөт. Бул Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эки райондо жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат. Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуп-үйрөтүүлөр өтүп жатат.

Биринчи дарыгерлер, мугалимдер жана күч органдарынын кызматкерлери эмделет

Биринчи этапта жүргүзүлө турган вакцина бининчи мектептерде иштеген мугалимдерге, медицина кызматкерлерине, күч органдарынын кызматкерлерине жана мамлекеттик кызматкерлерге берилет деген план бар. Мындан тышкары 65 жаштан жогору жарандар да эмдөөдөн өтөт.

Кимдерге эмдөө жасалбайт?

Негизи ден соолугу чың, дени сак адамдар эмдөөдөн өтөт. Бирок алар келген күндө дагы ар бир эмдөө пунктунда дарыгерлер ден соолугун текшерип, баа берип, «эмдөөдөн өткөнгө болот-болбойт» деген жыйынтык чыгарат. Эмдөөгө келген убакта кимде жөтөлүү, чүчкүрүү жана башка вирустук оорулар болсо, анда аларга да эмдөө жасалбайт. Эмнеге аларга эмдөө жасабайбыз, анткени жагымсыз реакция болуп кетиши да мүмкүн. Ошол эле учурда вакцинанын  эффективдүүлүгүнө да терс таасир бериши толук ыктымал.

Вакцинанын коопсуздугуна жана эффективдүүлүгүнө ким жооптуу?

Аталган вакцинанын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берип жатат. Коронавируска каршы вакциналардын баары изилдөөдөн өтүп, ыктыярчыларга эмдөө жасалып, андан кийин гана бизге келип жатат.

Эмдөөдөн өткөндөн кийин организмде терс белгилер пайда болсо кимге кайрылыш керек?

Организмде жагымсыз көрүнүштөр байкалса ошол аймактагы медкызматкерлерге кайрылыш керек. Бул боюнча атайын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин буйругунун негизинде алгоритм даярдалган. Анын негизинде иштер жүргүзүлөт.

Коронавируска каршы эмделген дүйнөлүк лидерлер (фото)

Эртең, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп коронавируска каршы эмдөө алат. Ал эми президент Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан, жетиштүү көлөмдө табылгандыгын президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди. Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентти эмдөөнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча алсак, Казакстанда эмдөө 1-февралда башталган. Тажикстан болсо 23-мартта жапырт баштады. Ал эми Өзбекстан болсо эмдөө 1-апрелден тарта ишке кирерин жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM