Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы эмделген дүйнөлүк лидерлер (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 1149 | 0

Бүгүн, 23-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Путин кайсы вакцина менен эмделери жөнүндө так айтылган жок. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин Орусияда жасалган ата мекендик үч вакцинанын бири менен эмделерин айтты.

Ошондой эле президентти эмдөө башка өлкө башчылары кылгандай коомго жарыяланбай турганын кошумчалады.

Ал эми төмөндө өздөрү баш болуп вакцина сайдырганын жарыялашып, калкын эмделүүгө чакырган мамлекет башчыларынын тизмеси:

АКШ президент Жо Байден менен вице-президенти Камала Харрис америкалык «Pfizer» вакцинасы менен эмделди.

Рим папасы Франциск да коронавируска каршы «Pfizer/Biontech» компаниясынын вакцинасын сайдырды.

Улуу Британия ханышасы Елизаветта II жана анын жубайы герцог Филипп да эмдөөдөн өткөндөрүн жарыялады.

Евробиримдиктеги өкмөт башчыларынын ичинен биринчилерден болуп Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич эмдөөдөн өттү.

Словакия президенти Сузана Чапутова

Аргентина президенти Орусиянын «Спутник-V» вакцинасын алды

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш

Израиль өлкөсүнөн биринчилерден болуп, өкмөт башчысы Нетаньяху эмдөө алды. Анын артынан Президент менен Саламаттыкты сактоо министри да коронавируска каршы вакцина сайдырды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эмделүү үчүн Кытайдын «SinoVac» вакцинасын тандап алды.

Украина президенти Владимир Зеленский «AstraZeneca» вакцинасы менен эмделди.

«AstraZeneca» вакцинасы менен эмделген башчылардын катары Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин толуктады.

Copyright © 2017 Maral FM