Орусия өкмөтү Кыргызстанга баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө кайтарымсыз негизде 5,2 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жардам 2021-2022-жылдары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына берилет.