Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 79 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте — 32, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 2, Талас облусунда — 1 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 79 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Коронавирустан жалпы 1 миң 431 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 3, Ош облусунда — 1, Чүй облусунда — 1 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 572 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 187 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 113 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 714 киши айыгып чыкса, 1 миң 431 адам каза болду.