Биз менен байланышыңыз

Бишкекте былтыр 1696 мыйзамсыз курулуш бузулду

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 616 | 0

Былтыр Бишкек шаарында 1696 мыйзамсыз курулуш бузулду. Анын ичинен 648и — жеңил типтеги объект, 93ү — капиталдык курулуш. Бул тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Кадыкеев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калаада мыйзамсыз курулуштар көп кездешет. Ар бир райондордо атайын кызматкерлер жума сайын мүлктөрдү каттоого алып, тактап турат. Анткени жеңилдетилген объектилерге бир жылга гана уруксат берилет.

«Шаардын муниципалдык жерине чыгып алгандар, жолго чейин чыгып кеткен учурлар кездешет. Капиталдык курулуштардан 93 объект бузулду. Шаардын көркүн бузуп, түрдүү жарнактарды илишет. Алар боюнча да жумасына 2 жолу текшерүү жүргүзүлөт. Маселен, 2020-жылы 955 жарнак алынды», — дейт Кадыкеев.

Copyright © 2017 Maral FM