Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте кызыл китеби жок үйлөрдүн саны өсүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 1217 | 1

Бишкекте кызыл китеби жок турак-жайлардын саны өсүүдө. 2013-жылдары мындай үйлөр 6 миң 380 болсо, учурда 7200дүн тегерегинде. Бул тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Кадыкеев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кайсы жерде кандай үйлөр бар экени аныкталды. Учурда мэрия тарабынан мыйзамга өзгөртүү киргизүү жагы каралууда. Мыйзамсыз жерлердин баары мыйзамдаштырылат дегенден алыспыз. Башкы планга кирбей калган курулуш объектилери да бар», — дейт Кадыкеев.

Анын айтымында, жеңил типтеги курулуш объектилерин курууга уруксат алуу үчүн жарандар Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгына кайрылуу керек. Алар архитектуралык-техникалык корутунду чийип берет.

Жаран Бишкек шаарынын жер ресурстары башкармалыгына арыз менен кайрылат, ал жактан комиссия карайт. Комиссия оң баасын берсе, жер бир жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

1 пикир

1 пикир

  1. Айка

    06.02.2021 11:16

    кызыл китеп уйго алуунун жолдорун онойураак болсо жакшы болот эле,уйлорубузду оформление кылалбай жатабыз,1990жылы приватизации боюнча алынган уйлорду совхоздон эч кандай документ тер жок болуп,элибиз кыйналып жатат,сотко кайрылсак,сот карабай жатат,каанча деген балдарыбыз туулгандыгы тууралуу куболук ала албай жатат,паспорт,ушуну бир карап маселени чечип беришсе жакшы болмок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM