Биз менен байланышыңыз

Жарадар ак илбирстин денесинен 75 бытыра табылган

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 570 | 0

Таласта жарадар болгон ак илбирс Бишкекке алынып келинген. Башына операция жасалып, ден-соолугуна коркунуч жараткан денесинен 18 ок алынды. Жалпы 75 бытыра тийген. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы «Марал» радиосуна билдирди.

«Операциядан кийин ак илбирстин абалы жакшы, тамак ичип, басып калды. Жакшы болуп бара жатат. Толук жакшы болсо, экинчи операция жасалып, калган октор денесинен алынат. Ал эми Нарындан алынып келинген экинчи илбирс текшерүүдөн өткөндө эч кандай оору табылган жок. Болгону карылыгынан өз алдынча аңчылык кыла албай калыптыр. Учурда ал Ананьеводогу реаблитациялык борборго которулду» , — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар болгон ак илбирсти кармашкан. Ак илбирстин көзүнөн жана мурдунан кан агып турган, анын өзүнүн аймагынан кантип айылга келип калганы жана эмнеден жарадар болгону белгисиз болгон.

1985-жылы СССР жоголуп бараткан жана жоголуу коркунчунда турган жаныбарлар туурасында кызыл китеп кабыл алган. Ага Кыргызстандын аймагындагы бир катар канаттуулар, жан-жаныбарлар киргизилген эле. Анын ичинде ак илбирс дагы бар.

Copyright © 2017 Maral FM