Биз менен байланышыңыз

Талас: Катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 467 | 0

Таласта катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 6-июнда саат 21:00 чамасында облустун аймагында секундасына 20-26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Талас шаарында шамал бир турак үйдүн, сарайдын, мал базардын аймагындагы имараттардын чатырларын учуруп, бактар кулап, жолду бөгөп калган. Ал эми Талас районунун Манас айылында Ш. Жумагулов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында турак үйдүн ашканасынын чатырына бак кулаган. Жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМдин ыкчам топтору тартылып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тазалоо иш-чараларын жүргүздү.

Бүгүн, 7-июнда кошумча тактоо иштери улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM