Биз менен байланышыңыз

Быйыл пахта менен төө бурчактын түшүмү аз, баасы төмөн

Экономика | 10 Окт 2022 | 1512 | 0

Азыр өлкөдө чек ара маселеси курч болуп турган чагы. Кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөй чечилди делгени менен кыргыз-тажик чек арасындагы болгон кагылышта кыйраган үйлөр калыбына келтириле элек. Ошол эле маалда дыйкандар да негизги айыл чарба өндүрүмүнө болгон баа төмөн экенин, чыгымдары акталбай жатканын айтышууда. Буга мамлекет кандай чара көрөт?

Күздүн келиши менен түшүмүн жыйнай баштаган дыйкандардын сабыры суз. Анткени баа ойдогудай болбой, чыгымдар акталбай жатат. Алар мамлекеттен азыктын баасын өзүн актай турганчалык кылып көтөрүп берүүнү суранышууда.

Бакай-Ата районунун тургуну Баялы Базарбаев бир гектар жерге төө буурчак эгип, бирок болгону 800 киллограмм түшүм алган. Дыйкандын айтымына караганда, бул өзүнүн чыгымын актабайт. Ал быйылкы баа инфляция жүргөнүнө, күйүүчү май 30 сомго чейин кымбаттаганына карабай, төө буурчак былтыркыдан да арзан экенине нааразы.

«Мурда бир гектар жерден 1,5 тоннага чейин төө буурчак алат элек, быйыл эң алды 800 киллограмм алып жатышат. Бул өзүн актабайт. Былтыр күйүүчү майдын баасы арзан болчу, быйыл кымбат. Урук сепкенде, жөөк салганда, жер семирткич салганда ар жолкусунда 10 литрден күйүүчү май, орто эсеп менен 800 сомдон беребиз тракторго. Суранарыбыз, күйүүчү майды арзандатып, жеңилдетип берсе».

Мындан тышкары суу тартыштыгынан улам түшүмдүүлүк аз болгону, арада курт түшүп, зыян келтиргени да көйгөй жараткан. Ал эгер баа ушул абалда калса, кийинки жылы чөп айдай турганын билдирди.

Бул боюнча Жогорку Кеңеште да буга чейин маселе көтөрүлгөн. Депутат Дастан Жумабеков аймакта төө буурчактын баасы өз чыгымын актабай жатканын айтып, өкмөткө мамлекеттик бюджеттен 1 млрд сом субсидия катары каражат бөлүүнү сураган.

«Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман дегендей, кайра эле баягы төө буурчак маселеси. Бүгүнкү күндө дыйкандар ыйлап жатышат. Чыгымдын баасы киллограммына 60 сом болсо, сатыктагы баасы да 60 сом болуп турат. Буга өкмөт тараптан чара көрүлүшү керек. Азыр менде бир долбоор бар, бюджеттен 1 млрд сом бөлүп, төө буурчакты алалы. Кийин убактысы келет, кымбаттайт. Ошондо сатып, кайра эле толукталып калат кетирилген акча. Таластын 80% тургуну төө буурчак менен тирилик кылып, үй-бүлө багат, балдарынын контрагын төлөйт. Азыр ыйлап отурушат, ушундайда мамлекет жардам кылышы керек да».

Айыл чарба министрлигинин эмгек коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Улан Чекирбаев төө буурчак маселесин чечүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал төө буурчакты жыл сайын Индия, Пакистан, Иран жана Орусия сатып аларын, бирок учурда Пакистан менен Индия импортту токтотконун айтат. Анын себебин экспортёрлордун көз боёмочулук аракеттери менен байланыштырды.

«Буга чейин Пакистан, Индия, Иран жана Орусияга экспорттолуп келген. Бирок азыркы тапта Индия менен Пакистан тиешелүү сертификаты жок болгондуктан токтотуп турат. А лаборатория болсо, быйыл лицензия албай калган. Ошондуктан сертификаты жок экспорттолбой жатат. Ал эми Иран менен мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек экен, ТИМге кат жөнөттүк. Жакында Иран мамлекетине да экспорттоп баштайбыз. Учурда Орусияга туруктуу сатылып жатат».

Чекирбаевдин айтымында, учурда төө буурчак бир гана Орусияга экспорттолууда.

Ушундай эле көйгөй пахта эккен дыйкандарды да убара кылды. Алар быйыл пахта баасы көңүл жылытарлык болбой жатканын айтып жатышат. Азыркы тапта ак алтынды 85-90 сомдон сатышууда. Былтыр 117 сомго чейин чыккан.

Ноокен районунун тургуну Уларбек эки гектардай жерге пахта эккен. Бирок суу тартыштыгынан улам түшүм анча болгон жок. Дыйкан быйыл пахта өстүрүүдөгү чыгымдар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кымбат болгонун, ага карабай түшүмдүн баасы мурдагыдан арзан болуп жатканын айтат.

«Быйыл түшүм начар, баа арзан. Чыгым былтыркыдан эки эсе кымбат. Эки гектар жерден 4 тонна пахта тердик, бул өтө аз. Качан 40 центнерден айланганда өзүн актайт, азыр биздики 25 болуп, 30га да жетпей калды. Анын үстүнө арзан болуп жатат, былтыр 117 сомго чейин көтөрүлгөн. Быйыл андай эмес, кайра арзандап жатат. Мындан көрө пахта экпей эле койгонубуз жакшы болуп турат».

Бул маселе да Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн. Анда депутат Жалолидин Нурбаев өкмөттү пахта алуучу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ак алтынды экпорттоону сунуш кылган.

«Пахтанын баасы былтыр 112 сомго чейин болуп жаткан, быйыл 90 сом деп жатышат. Бул өзүнүн чыгымын актабайт, анктени дыйкандар эрте жазда жер семирткичтер кымбат маалда алышкан 56 сомго чейин, кийин анан 40 сомго түштү. Дүйнөдө, Индия жана Кытайда пахтанын түшүмдүүлүгү аз деп маалымат каражаттарынан окуп жатабыз да, бул бизге мүмкүнчүлүк. Ушул маселеде дыйкандарга жардам берип коёлу».

Ал эми Айыл чарба министрлиги пахта боюнча азырынча даттануулар жок экенин билдирди. Ошондой эле дайым көйгөй жараткан картошка маселесин да чечүү аракетин көрү жатканын маалымдады. Мисалы, бюджеттик мекемелерге картошканы эртерээк сатып алуу боюнча кат жөнөтүлгөн. Буга чейин картошканын баасы 9 сом болуп жаткан болсо, бюджеттик мекемелер сатып ала баштагандан кийин 12-13 сомго кымбаттаганы айтылды.

«Азыркы учурда картошка маселеси да актуладуу болуп жатпайбы. Буга чейин 9 сомдон болуп жаткан, азыр 12-13 сомдон. Биз бюджеттик мекемелерге эртерээк сатып алгыла деп сунуш бергенбиз, ошонун жыйынтыгында баа бир аз көтөрүлдү. Коңшу Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, алар да алып кетип жатышат. Дыйкандар шашпай күтө турса, баа көтөрүлөт».

Жогоруда негизги айыл чарба продукцияларына болгон баа жана дыйкандардын көйгөйлөрүн айттык. Аталган өндүрүм Кыргызстандын ички дүң продукциясынын бир бөлүгүн түзөт.

Расмий статистика боюнча 2021-жылы пахта өндүрүү гектарына 34,8 центнер, картошка 170,4 центнерди түзсө, төө буурчак гектарына 358,3 центнерди түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM